Банк картасындагы кайсы маалыматтар сыр бойдон калышы керек? Юристтин кеңеши

Адистин айтымында, сизге акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Юрист Егор Редин банк картасындагы кайсы маалыматты башкаларга берсе болорун, кайсыны сыр бойдон сактоо керектигин "Прайм" агенттигине түшүндүрүп берди.
Алгач адис картанын өзүндө кандай маанилүү маалымат бар экенин эске салды. Алар: картанын номери (негизги бетинде көрсөтүлүп, бир нече цифрадан турат), ээсинин аты-жөнү, жарактуу мөөнөтү, CVV-код (картанын арткы бетинде, үч цифрадан турат).
Рединдин айтымында, акча которчу адамга картанын негизги бетиндеги номерди жана аты-жөнүңүздү гана айтуу керек.
"Ал эми башка маалыматтар эч кимге берилбеши зарыл. Аларды билип алган тарап картанын ээси кыла алган бардык операцияларды аткара алат", — деди адис.
Ошондой эле ал бейтааныш адамга эч качан банктык эсептерге байланыштуу сыр сөз сыяктуу маалыматтар менен бөлүшпөш керектигин эске салды.
Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы