Жапаров алгач ага карата депутаттардын сынына жана Кумтөрдүн айланасындагы иштер тууралуу жооп берди. Аны менен катар эле кызматтан кетет деген кептерди төгүнгө чыгарды. Президент баш болуп социалдык тармактарга байкоо салып турушарын, андыктан журналисттердин материалдары көңүл сыртында калбастыгын белгиледи.
Ошондой эле мурдагы президенттер салыкка салкын мамиле жасагандыгын кыйытып өттү. Кассалык-контролдук машиналарды киргизүүдө ишкерлерге эл менен биргеликке көзөмөл кыларын айтты. Ал жубайына таандык компания салыктан качып, 90 миллион сом мамлекетке зыян келтиргени далилденбегенин билдирди.
Маалымат жыйынга 50дөн ашуун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Тема боюнча: