Билим берүү министри Болотбек Купешов кызматынан бошотулду

Купешов бул кызматка өткөн жылдын май айында дайындалган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Купешов 2021-жылдын 5-майында Алмазбек Бейшеналиевдин ордуна билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.