Болжол менен сентябрдан тарта "Россиянын Украинага кол саларын" Батыш медиасы жар сала баштаган. Бул жөнүндөгү куш тилиндей эле маалымат да дүйнөлүк индекстерди төмөндөтүп жиберчү күчкө ээ. Ошол себептен "онтоолор" анда-санда угулуп калганы болбосо талкуу кызуу, ошол эле убакта мээлүүн да жүрүүдө. Азыркы геосаясий жагдай боюнча ой толгогон Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Пандемия маалында ашыкча басылган триллиондогон долларга көмүлүп, ири державада инфляция кырк жылдык рекордду кагууда. Америкалык рынок да Федералдык резервдик тутумдун ченди жогорулатуу убадасына да кыжыры кайнап турган чак. Цукербергдин Meta (Facebook) компаниясы да өткөн жумада заматта 25 пайызга төмөндөп, мурдагы калыбына дале келе элек.
Башка "жогорку технологиялык" компаниялар жаатында деле жагдай түшүнүксүз. Айтор, АКШда эсептик чендин көтөрүлүшү акциялардын төмөндөшүнө алып келиши толук ыктымал. Даңазалуу Goldman Sachs банкынын жетекчилиги Федералдык резерв системасы быйыл ченди беш эсеге жогорулатат деп боолголойт.
2005-2006-жылдары аталган тутумдун жетекчиси Бен Бернанке инфляция менен күрөштө ченди катары менен он жети ирет көтөргөн эле. Анын айынан ипотека боюнча төлөмдөр өскөн. Жетер чегине жеткенде америкалыктардын айласы түгөнүп, өлкөдө ипотекалык "көбүк" жарылган. Ошентип 2007-2008-жылдардагы каржылык каатчылыгы башталган.
Кезегинде ал туңгуюкту Улуу депрессияга теңешкен. Эл кыйналып, азап чегип, ал каатчылык аягы кейиштүү бүткөн тагдырлар менен коштолду. Бирок Goldman Sachs банкы ошондо Федералдык резерв системасынан эбегейсиз суммада акча алган.
Ал эми азыркы шарттарда америкалыктар тооруктагы олку-солкулуктарга кандай карап жатат? 2020-жылдын жазында америкалыктар акцияларды жапырт сатып алууга киришкен. Эми алар көз ачып-жумганча күлгө айланышы ыктымал. Пенсиялык фондулар да андайга туруштук бере алышпайт.
Кыймылсыз мүлк рыногунда да кырдаал көңүл жубатарлык эмес. Өлкөдө насыядан насыя алып жан багып келе жаткан фирмалар жайнайт. Эгер насыя ала албай калышса, четинен баары сызга отура башташат. Калк банктардын пайдасы үчүн кезектеги мындай тоноого жол береби же чындап Капитолийди басып алууга аттанабы? Кыязы, америкалык коомдун каймактарында бул суроолорго жооп жок көрүнөт. Ошондуктан ченди көтөрүү маселеси ушунча убактан бери созулуп келет. Болбосо андай демилге сентябрда эле көтөрүлгөнү белгилүү эмеспи.
Балким, айрымдар камылга көрүп алсын деген тейдеги кулак кагыш да чыгар. Маселен, ошол эле Майкл Бьюрри өз портфелин дээрлик сатып жиберүүгө үлгүрдү. Эң оболу ал Tesla, Alphabet (Google) жана Facebook (Meta деген аталышка өткөнгө чейин эле) акцияларынан кутулду. Жалпы портфелинен Бьюрриде эки пайыздайы гана калып, алар бүгүнкү күндө коргоо тармагына жана дары-дармек өндүрүшүнө салынган. Башкача айтканда келечекти ишкер кандай көрөрүн (согуш жана дары-дармек) болжоого болчудай.
Мунун Донбасска кандай тиешеси болушу мүмкүн? Муну түшүнүү үчүн коронавирус пандемиясына байланыштуу биржадагы кыйроого бир кылчайып көрөлү. 2020-жылдын 9-мартында америкалык олигархтар рынокту заматта аңтар-теңтер кылышкан.
Түндүк америкалык жана европалык акциялардын наркы кескин төмөндөп, бизнестер токтоп, эл сызга батып, жапырт жумушсуздук башталган. Бул да 2007-2008-жылдардагыдай эле бир ууч банкирлердин тобу макулдашкан оюндун жыйынтыгы болгон. Бирок арасында банк жана IT-корпорациялардын кожоюндары болгон ошол каатчылыктан пайда көргөндөр окуяны коронавирус пандемиясына шылташкан. Ооба, адамдар илдет илештирип, катуу ооругандар да болгон. Бирок шаарлар ачык, Кытай гана чек арасын жапкан кез эле.
Үч күн өтпөй мурда туруштук бергендердин да акциялары арзандаган. Анын эртеси эле Amazon аянтчасынын ээси, болгондо да ошол кыйроодон пайда көргөндөрдүн ана башындагылардын бири Жефф Безос Трампты өзүнүн The Washington Post басылмасында: "Президент мырза, бизди үйлөргө бекиткиле!" – деп үндөгөн.
Быйыл он алтынчы мартка Федрезервдин кезектеги жыйыны белгиленген. Дал ошол чогулушта эсептик чендин жогорулашы ажеп эмес. Ал эми андай чечим рынокторду кыйроого кептейт. Бирок ошол эле Безос жана Гейтс өңдүүлөр Goldman Sachs жана JPMorgan Chase сыяктуу үлкөндөр менен биргеликте дүйнөгө буга Россиянын Украинага "кол салышын" себеп катары көрсөтөт.
Медиада буга даярдык азыртан жүрүүдө. "Орустардын кол салышы рынокту кыйсыпырга түшүрөт", — деп кыйытты CNN каналы. "Россия Украинага басып кирсе, фондулук рынокторго азап", — деген теманы козгоду CNBC.
Мындан улам Донбасстын аймагында ири чагымчылдык марттын башында жасалчудай. Баары ошол жакта эбак даярдалбады беле. Өнөр жай масштабындагы химиялык куралдарды да алып келишпеди беле. Аскерлерин да, "Жавелиндерин" да топтоду.
Бул убакта америкалык жана британиялыктардын аракеттерине өзгөчө кылдат көз салуу абзел. Алар Донбасста кандуу чагымчылдык уюштуруу, ал эми кийин Россиянын адамдарды куткаруу аракетин "кол салуу" деп дүйнөгө жар салууга ашыгары бышык. Андай ишке жамынып рынокту бир чайпалтып, андан пайда көрүүнүн амалын издешмек. Бул бизнес, башка эмне кеп болсун.
Ал эми аталган аймакта курал кармап, Россия менен согушууга машыгышканы менен мурдагыдай эле акча жок. Анын ордуна Батыштан "Жавелиндер" келет. Социалдык тармак жана медицина америкалык кураторлордун көзөмөлү менен кыйрады. Чет өлкөдөн келген тыйындын баары башкаруучу амалкөйлөрдүн чөнтөгүнө түштү.
Владимир Зеленский Россия менен салгылашка даярданганча гривна (Украинанын улуттук валютасы) көтөрүлүп, ал эми өлкө экономикасы кайрадан антирекордду кагууда. Жөнөкөй тил менен айтканда Украина жарандары акыркы тыйынын жоготуп жатканда, жетекчилери андан пайда табууда. Мындан кабарсыз же сезип туйбаган айрым жарандар алар үчүн чындап эле күрөшүүгө даяр экени кейитет.