Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Сизден кем эмес акылдуулар иштеп жатабыз. Ташиев чек ара боюнча Исаковго жооп берди

УКМК төрагасы кыргыз-тажик чек арасында жол куруу эки өлкөгө ыңгайлуу болорун белгилейт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын эч бир жерин анклавга айлантпайбыз. Бул туурасында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев саясатчы Исмаил Исаковго социалдык тармак аркылуу берген жообунда билдирди.
Ал №39 протокол кабыл алынгандай аткарылса эки эки өлкөгө тең ыңгайлуу болуп, чек ара тилкелерин толук тактап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн белгилеген.
"Такталбаган, өз оюңуздан чыгарылган маселени айтып элдин бүйүрүн кызытпаңыз. Жерлерибизди анклав кылып коюучу документтерди кабыл алып карап турчу биз эмеспиз. Эч качан сиз айткан Исфара — Чоркух — Ак-Сай — Ворух жолуна эл аралык статус берилбейт. Бул айтканыңыз кыргыз элине кылган чыккынчылыгыңыз болот. Төрт-Көчөнү сиз да бергиңиз келип турабы? Мен барда берилбейт! Бир гана Ак-Сай — Ворух жолу боюнча протоколго эки мамлекеттин башчылары кол койгон келишимге ылайык статусу аныкталып, андан соң салынат. Кандай шарттар коюлуш керек экендигин бул жерде көрсөтө албаймын", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Исаковду эгер кааласа мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо комиссиясына кошуп аларын билдирди. Аны менен катар эле мамлекеттик сырды ачпоо үчүн саясатчыларга жабык эшик артында түшүндүрүп берүүгө даяр экенин айтты.
"Сиздин максатыңыз калп нерселерди коомго жайып, эптеп чек ара маселесин чечүүнү кечеңдетүү. Сизден кем эмес мекенчилдер, акылдуулар иштеп жатабыз. Ошондой эле жасаган ишибизге кыргыз элинин астында жоопкербиз", — деген УКМК төрагасы.
Ташиев буга чейин да Жогорку Кеңештин депутаттарына №39 протокол боюнча маалымат берген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Жол куруу каралган. Тажикстандын УКМК башчысы айткан протоколдогу маалыматтар
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Ташиев Тажикстан менен чек ара каттамы кандай шартта ачыларын айтты