"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына окуучу кезинде мектепте көп токмок жеп, анын азабын азыркыга чейин тартып жаткан жигит кайрылган.
Саламатсыздарбы! Мен мектепти бүткөнүмө он жылдан ашты, азыр үй-бүлөм бар. Бир кыздын атасымын. Окуучу кезде мектепте өзүмдөн чоң балдардан аябай эле кодулоо көрүп, токмок жедим. Башкаларды деле сабашчу. Бирок менден улуу агаларым жок болгонгобу, убагында акча таап бере албай калганда көргүлүктү көрчүмүн. Байкуш ата-энемди алдап акча сурап, мени урган балдарга алып барып берип да жүрдүм. Айрым учурда айла жок жакындарымдан уурдап алган учурлар да болгон. Үйдө деле кыйраткан акча жок да. Алардын абалын көрүп туруп ата-энемди алдаганга аргасыз болчумун.
Өңүм сары болгондуктан балдар мени "быштак" деп коюшчу. Кийин чоңоюп 8-9-класста окуп калганда деле кыздардын көзүнчө "эй, быштак, бас бери" деп далай шагымды сындырышты. Намыстанганым менен айла жок. Токмок жегениңди, "өпкөңдү үзөйүнбү, ыя" деген сындуу коркутууларды үйгө айтып бара албайсың. Анда эле шылдыңга кабыласың. Ошондон улам коркуп, "баягылар каяктан чыга калат" деп башымды көтөрүп жүрбөй, жер карап басчумун. Азыр эстеп ызаланам. Кийин өзүм 11-классты бүткөндө классташтарым кичүүлөрдү урганын көрдүм, бирок эч аралашкан жокмун. Көңүлүм калыптыр.
Кээде айылга барганда ошол мени урган байкелерди көргөндө ачуум келип кетет. Кек сактап калган окшойм. Басынып да кетем. Убагында эмнеге татыктуу жообун бере алган жокмун дейм.
Жедеп жүрөгүмдүн суусун алып коюшкан сыяктуу. Азыр бирөөнүн көзүн тике карап сүйлөй албайм, шылкыйып күнөөлүү кишидей баскан адатка айланган. Эч кимге ишенбейм. Баладай шадыраңдап окуучулук күнүмдү өткөрө албаганыма намыстанам. Араң жашаган ата-энемди алдап, акыркы акчасын алганыма өзүмдү күнөөлөйм. Байкуш атам да былтыр каза болуп калды. Ал киши деле жоош болчу. Ага таянып, сырымды айта алчу эмесмин. Кызыкчу деле эмес болушу керек. Билбейм, ичимден кичинемде эле сынып калгандаймын. Өзүмө ишенип, алдыга ишенимдүү карай албайм.
Мындан ары өзгөргүм келет. Ичимдеги өзүмдү өзүм басынтууну жоюп, сыйлоону үйрөнүүнү каалайм. Анткени ошол токмок жеп, эртеси айткан акчасын жерден чукусам да таап алып барып берип же таппай калып, ичимден бушайман болуп, жүрөгүм зырылдап жашаган күндөрдү унута албай койдум. Классташтар менен да көп жолуккум келбейт. Алар чогулганда эстеп каткырышат. "Билесиңби, сени моминткенде минттиң эле го" деген өңдүү сөздөрү катуу тиет.
Эркек балалуу болсом мектебин байкап, жашоосун көзөмөлдөйм деп ойлойм. Анткени бул көрүнүш азыр да бар.
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Бул катта коомдун көйгөйү көтөрүлүп жатат. Мында бул жигиттин маселесин гана айтпай, жалпы көйгөйдү чечсек. Психологияда басынтуу алдында адам катары калыптануу деген түшүнүк бар. Үйдө, мектепте, бала бакчада же теңтуштарынын арасындабы, кодулоого кабылса, анын инсан катары калыптанышына таасири тиет. Себеби бул да зомбулуктун бир түрү. Анын экономикалык, моралдык жана дене бойго келтирилген деген да түрлөрү болот.
Каттын ээси жалпы комплекстүү зомбулукка кабылган. Зордук-зомбулук — бул көгала кылып сабап салуу эле эмес. Акырындан адамдын эркиндигин чектеп, баш ийдирип, өзүнө милдеткер кыла берүү да кордук. Баланы сыртта кимдир бирөө сабап, үйүндө акча жок болсо да "алып кел" деп талап кыла берсе, анда комплекс пайда болот. Анын да түрлөрү бар. Бул балада өксүк комплекси пайда болгон. Мында адам чүнчүп, чечкинсиз болуп, эртең бир нерсе болуп кетеби деп чочуркап, дайым коркуп жашайт. Мунун баары жүрүп-жүрүп ар кандай психикалык жабыркоого өтүп кетиши мүмкүн. Депрессияга же неврозго айланып кетсе адистерге гана кайрылууга туура келет.
Өзүнөн күнөө издей бергенди токтотуу керек. Анткени өксүк комплексинин тамыры тереңде. Ал бала кезден бекемделип жүрүп отурат. Бул оору деп эсептелбейт, бирок өзүн жеп отуруп суицидге да жеткириши мүмкүн.
Ата-энелерге айткым келгени, балдардагы бардык тынчсыздануу өксүк комплексин жаратат. Ошондуктан аларга көз сала жүргөн оң. Албетте, кичинекей балдар көңүл бурууга, камкордукка муктаж. Ошол себептен ата-энелер убагында мээрим менен сүйүү берип, жакшы сөзүн аябашы керек.
Каттын ээси да бала чагында тийиштүү деңгээлде мээримге канбай калгандыктан азыр өзүн баалай албай жатат. Кичинекей баланын маанайынан, тарткан сүрөтүнөн эле анын психологиялык абалын билип коюуга болот. Бул жигит кичинесинде жеке көйгөйү менен өзү калып, жарымын чечип, калганына алы келбей же башкалардан колдоо күтө албай жалгыз калган. Ага эч ким болушпасына көзү жеткенде ички дүйнөсүндө депрессия синдрому пайда боло баштаган. Азыр депрессиядан чыга албай жатат. Жигитке психолог гана жардам бере алат.