БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жогорку соттун төрагасына үч орун басар дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, төраганын орун басарлыгын беш жылга чейин Нургүл Бакирова, Нурлан Мусаев, Айбек Давлетов аркаламай болду.
Дагы бир жарлык менен буга чейин төраганын орун басары болуп келген Качыке Эсенканов ишинен өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда кеткени белгиленди.
Эскерте кетсек, Нургүл Бакирова буга чейин Жогорку сотту жетектеп келген. Үстүбүздөгү жылдын 31-январында кызматын тапшыруу боюнча арыз жазган.
Ал эми 2-февралда президенттин жарлыгы менен Жогорку соттун төрагасы болуп Замирбек Базарбеков дайындалган.