Садыр Жапаров ЕЭК министри Сергей Глазьевди кабыл алды. Талкууланган маселелер

Жапаров Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалык кылган жылын соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө арноо маанилүү экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Садыр Жапаров бүгүн, 11-февралда, Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевди кабыл алды

2 / 3

Анда Жапаров ЕАЭБ алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеген

3 / 3

Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Глазьевди "Данакер" ордени менен сыйлаган

Анда Жапаров ЕАЭБ алкагында интеграция маселелерине өзгөчө маани берерин, бул өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарынын бири экенин белгилеген.
"Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалык кылган жылын инвестициялык жана кооперациялык кызматташууну чыңдоого, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө арноо маанилүү", — деген президент.
Жапаров Жогорку Кеңеш Евразиялык экономикалык форумду ушул жылдын май айында өткөрүү чечимин кабыл алганын эске салып, министрлер кабинети менен ЕЭКтин тыгыз байланышта кызматташуусу маанилүү экенин кошумчалаган.
ЕЭК министри Сергей Глазьев Евразия экономикалык форумунун программалык комитетинин жетекчиси болуп дайындалганын айтып, форумдун программасын кабыл алуу зарылдыгына токтолгон. Анын айтымында, форумда инновациялык долбоорлорго көп көңүл бурулуп, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мыкты жетишкендиктеринин көргөзмөсү пландалууда. Ал иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү маанилүү экенин белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров Кыргызстан менен ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн Глазьевди "Данакер" ордени менен сыйлаган.
Кыргызстан быйыл ЕАЭБде төрага. Уюмда кандай өзгөрүүлөр күтүлүүдө?