Мышыкты ыргыта тепкен футболчу менен иштешүүдөн Adidas компаниясы баш тартты. Видео

Буга чейин социалдык тармактарда футболчу мышыкты тээп, артынан кууп жүргөн видео тарап, коомчулукту нааразы кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Лондондун "Вест Хэм" клубунун жана Франциянын футбол боюнча курама командасынын коргоочусу Курт Зума мышыгына таш боор мамиле кылгандыгы үчүн оюндан четтетилди. Ошондой эле аны менен келишимди Adidas компаниясы токтотуп койгондугун Sky Sports жазды.
Буга ал тууралуу интернетте тарап кеткен видео себеп болду. Футболчу вазаны сындырып салган мышыкты ыргыта тепкен видеону интернетке анын бир тууганы жүктөгөн.
Ролик көпчүлүктү нааразы кылып, аны жазалоону талап кылган 200 миң киши петицияга кол койгон.
Жыйынтыгында футболчунун менен Аdidas компаниясы иштешүүдөн баш тартып, ал эми ал ойногон клубга Vitality жана Experience Kissimmee компаниялары мындан ары демөөрчү болбой турганын билдирди.
Ошондой эле клуб оюнчуну 338 миң долларлык айыпка жыгып, бир нече оюндан четтетти.
Ал ортодо Францияда жаныбарлардын укугун коргоо бирикмеси футболчуга каршы арыз жазып, сотко кайрылды. Бул өлкөдө жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле калгандар төрт жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Күйөрмандардын стадиондун үстүнөн кулаган мышыкты сактап калган кызыктуу видеосу