Кыргызстандагы медициналык окуу жайларда канча чет элдик студент окуйт

Муканова өлкөдө жаңы түзүлгөн медициналык окуу жайлардын көбү коммерциялык максатты көздөй турганын кошумчалаган. Башкача айтканда, бул — бизнес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстанда жалпысынан 28 239 чет элдик студент медициналык билим алууда. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова
"Бул медицина багытында билим алгандардын 77 пайызын түзөт. КМШ мамлекеттеринен бизде 7 901 студент окуса, алыскы өлкөлөрдөн 20 388 адам билим алат", — деди Муканова.
Жалпысынан Кыргызстанда медицина адистиктери боюнча 22 ЖОЖ иштейт. Муканованын айтымында, 2017-жылга чейин өлкөдө медициналык окуу жай, медициналык факультеттен 7-8и эле бар болчу.
"Казакстанда 11 эле медициналык окуу жай болсо, Өзбекстанда андайдан жетөө эле. Ал эми Тажикстанда 2, Түркмөнстанда бирөө", — деген ал.
Муканова өлкөдө жаңы түзүлгөн медициналык окуу жайлардын көбү коммерциялык максатты көздөй турганын кошумчалаган. Башкача айтканда, бул — бизнес.
Эске салсак, былтыркы жылдын этегинде Антикоррупциялык ишкердик кеңеши жана Коопсуздук кеңеши тарабынан комиссия түзүлүп, ал медициналык ЖОЖдорду текшере баштаган.
Кыргызстанда кандай дарыгерлер даярдалат? Окутуучунун маеги