Онколог: колбаса азыктары жоон ичеги рагын шартташы ыктымал

Папиллома, Т-лимфотроптук вирусу, герпес вирусунун 8 түрү, гепатит В, С өңдүү вирустар дагы залалдуу шишикти пайда кылары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов рак илдеттерин көбүнчө кандай факторлор шарттай турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде тизмектеп берди.
Улуттук онкология жана гематология борборунун илимий кызматкери Марат Жекшенов
Анын айтымында, онкологиялык илдеттерге бир нече фактор себеп болот. Анын ичинен эң негизгиси — химиялык канцерогендери көп тамак-ашты пайдалануу.
"Канцерогендер шишикти пайда кылат. Булар жарым фабрикаттарда, консерваларда, фаст-фуддарда жана куурулган тамакта арбын. Ошондой эле белоктун (колбаса, кызыл эт) тамак-ашта көп болушу да зыян. Колбаса азыктары жоон ичегиде рактын пайда болушуна өбөлгө түзүп бериши мүмкүн. Андан тышкары, папиллома, Т-лимфотроптук вирусу, герпес вирусунун 8 түрү, гепатит В, С өңдүү вирустар дагы шишикти пайда кылат", — деген медик.
Ал шаарды каптаган ыш өпкө рагына кабылуу коркунучун жогорулатарын белгилеген.
"Акыркы кезде борбор шаарыбызда ыш маселеси кооптуулук жаратууда. Ушул жол менен кете берсек өлкөдө өпкө рагы өсөт. Мындан тышкары, ашыкча салмак, бир орундан жылбай иштөө, башкача айтканда, кыймылдын аздыгы да рактын пайда болушуна фактор болуп берет. Гепатит вирусу өнөкөт ооруга айланып кетсе 20 жылдан кийин ал ракка өтөт. Андан тышкары, тамеки, насвай да өпкө рагына алып келиши толук ыктымал", — деген Жекшенов.
Дарыгер ракты алдын алуу үчүн тамак-ашка маани берип, спорт менен машыгып, таза абада дем алууну сунуштаган.
Марат Жекшенов менен болгон маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуй аласыздар.
Рактын эртең мененки белгилери аталды