БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. 100дөн ашык кыргызстандык Башкы прокуратурага кайсы бир финансылык пирамида боюнча кайрылды. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйында билдирди.
"Так саны эсимде жок. Болжол менен адамдар 500 000 долларлык чыгым тарткан. Украинанын жарандары пирамиданы Өзбекстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда ачышкан. Жогорку соттун төрагасынын орун басары Айнаш Токбаеванын кызы ишке катыштыгы бар деп шектелип жатат. Офисте үч киши иштеген. Учурда Токбаеванын кызы эки айга камакка алынды. Тергөө органдарына пирамида боюнча юридикалык баа берүү абдан кыйынга турат. Анткени уюштуруучулары чет өлкөдө", — деди Зулушев.
Башкы прокурор финансылык пирамидадан жабыркагандардын арасында анын эжеси дагы бар экенин айтты.
"Менин эжемдин Ошто 15 орундуу жеке клиникасы бар. 15 жылдан бери иштетип келет. Ал өзүнүн уулу менен барып жазылган экен (финансылык пирамидага — ред.), 30 миң доллардай чыгым тартыптыр. Мен ага арыз жазууну сунуштадым. Бирок ал макул болбой койду. Себеби акчанын кайтарыларына ишенбей жатат", — деди ал.
Зулушев бул иш боюнча тергөө уланып жатканын айтып, жабыркагандар прокуратурага кайрылып жатканын кошумчалады.