БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Азыркы тапта ишке орношуп жаткандар кайсы факторлорго өзгөчө көңүл бурарын бир нече компания биргеликте жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгына таянып "Известия" басылмасы жазды.
Сурамжылоого Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Краснодар, Новосибирск, Екатеринбург сыяктуу ири шаарларында жашаган респонденттер катышкан.
Алардын ичинен 46 пайызы жаңы жумушка орношуп жатканда медициналык камсыздандырууга көңүл бурарын билдирген. Бул 46 пайыздын басымдуу бөлүгү 14 жаштан 38 жашка чейинкилер. Ал эми 38-55 жаштын ортосундагылардын көпчүлүгү (80 пайызы) үчүн биринчи орунда айлыктын көлөмү турат.
Жаштарды медициналык камсыздандыруудан тышкары корпоративдик маданият, кеңсенин жайгашкан жери, эркин иш графиги, аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү жана дресс-коддун жоктугу кызыктырат.
Ал эми улуу муундагы кызматкерлер корпоративдик билим берүү, өзү иштеп жаткан компаниянын товарларын арзан алуу жана жамаат менен бирге саякаттоо сыяктуу нерселерге басым жасашат.