Унутпай сала жүрүңүз! Суукта айдоочуга керек болчу 5 буюм

Бул жабдуулар кышкысын жана суукта айдоочуну бир топ баш оорудан сактайт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Кышында кыйынчылык жаралбаш үчүн ар бир айдоочу автоунаасына эң керектүү делген буюмдарды сала жүргөнү оң. Суукта, тайгакта, тоңдо кереги тийчү буюмдардын тизмесин "Российская газета" басылмасы жарыялады.

Спирт, жуугуч

Айдоочуга эң керектүү буюмдардын бири бул — тоң эрите турган суюктук. Ал суюктуктун курамында дарыканадан алынган спирт болушу керек. Ошондой эле кулпуланган жерлер тоңуп калган учурда эритүүчү суюктук. Булар адатта автодүкөндөрдө сатылат.

Күрөк, тросс жана насос

Биринчи буюм автоунаанын айланасы кар, музга толуп калганда керек болсо, тросстун тайгакта, кардан чыга албай калган учурда жардамы тиет. Суукта айдоочуга автонасос да ашыкча болбойт.

Аккумуляторду заряддаган жабдуу

Эгер автоунаанын аккумулятору эски болсо, суукта аны от алдыруу оңойго турбайт. Мындай учурда заряддай турган атайын жабдууну ала жүргөн оң. Муну көбүнчө "бустер", "пускач" деп атап коюшат.

Кыргыч жана щётка

Бул буюмду адатта ар бир айдоочу салып жүрөт. Анын автоунаанын үстүнө кар үйүлүп калганда кереги тиет.

Силикон майы

Кышында автоунааны жуудурардан мурда же аба ырайы бузуларда силикон майы менен эшик, терезе, багажниктин кырларын майлап койгон оң. Бул учурда эшик, терезе тоңбойт. Кышында күндүн көзү бузуларда айнек тазалагычты да (дворник) силикон майы менен сүртүп коюу ашык болбойт.
Тайгак жолдо кантип туура токтош керек. Адистин кеңеши
Автоунааны кантип көпкө чейин айдап жүрсө болот. Адистин кеңеши