Дарыгер "омикрондон" сакайып кетүү процессин кечеңдеткен тамактарды атады

Айрым адамдар кайнатылган же бууга бышкан тамактарды жегиси келбей калат. Мындай учурда дарыгер эт менен жашылчаны көп туздабай, бирок шишкебек сыяктуу мангалга кактап бышырса болорун айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммына кабылган учурда фастфуд менен таттуулардан баш тартуу керек. Тамактын бул түрлөрү сакаюуну кечеңдетерин медицина илимдеринин кандидаты, үй-бүлөлүк дарыгер Сергей Чудаковго шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Адамдар ооруп жатканда тамакка табити жоголуп, таттууларды же фастфуд жегиси келет. Бирок бул азыктарда витамин болбогон соң иммунитеттин бекемделишине эч кандай жардам бере албайт. Андан көрө жашылча же С витаминине бай кычкыл жемиштерди жеген туура", — деди адис.
Айрым адамдар кайнатылган же бууга бышкан тамактарды жегиси келбей калат. Мындай учурда дарыгер эт менен жашылчаны көп туздабай, бирок шишкебек сыяктуу мангалга кактап бышырса болорун айтат. Чокко бышкан тамакты көргөндө адамдын табити ачылып, азык-түлүктөр дагы пайдалуулугун жоготпойт.
Консерва организмге эмнеси менен коркунучтуу? Диетологдун эскертүүсү
"Омикрон" менен ооруп айыккандардын каны коюуланып кетиши мүмкүн