Кургакчылыктан боо түшкөн мал, бир сындырым нанга кубанган аялдар. Апта ирмеми

Африкадагы кургакчылык, 32 метрлик кудукка түшүп кеткен бала, Олимпиада оюндарынын ачылышындагы көз жоосун кооздук... Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн өткөн аптада болгон эң кызыктуу окуялар тууралуу көрө аласыз.
Sputnik
1 / 17

Кениядагы кургакчылыктан улам кырылган мал. Кургакчылык бул жылдын ортосуна чейин Сомали менен Эфиопияда дагы өкүм сүрүп, БУУ 25 миллион киши ачка каларын божомолдоп жатат.

2 / 17

Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль россиялык атаандашы Даниил Медведевди жеңип алган учур. Надаль ушуну менен 21 ирет ири шлемди утуп, рекорд койду. Австралия

3 / 17

Сауд Аравиясынын түндүк-батыш тарабындагы археологиялык казуу иштери жүргөн жай

4 / 17

Ай календары боюнча жыл жаңырган күнү Куала-Лумпур (Малайзия) храмында чырак күйгүзүп жаткан аял

5 / 17

2-февраль күнү АКШда салтка айланган "Суур күнү" белгиленди. Бул күнү суурдун жүрүм-турумун карап туруп, кыш бүтөрүнө канча калганын айтышат.

6 / 17

Кабулдагы (Афганистан) наабайканада таратылган нанга сүйүнүп жаткан аялдар жана наристе

7 / 17

Киев шаарында (Украина) ыктыярчыларга сабак өтүп жаткан аскердик инструктор

8 / 17

4-февраль күнү Пекин шаарында XXIV кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болуп өттү

9 / 17

Кытайдагы Кышкы Олимпиадага Кыргызстандын атынан жалгыз лыжачы Максим Гордеев катышууда

10 / 17

Мароккодо 32 метрлик кудукка түшүп кеткен беш жашар баланы куткаруу иштери беш күнгө созулду. Ишемби күнү куткаруучулар араң алып чыккан наристе алган жарааттарынан улам чарчап калды.

11 / 17

Подиумга чыгууга даярданып жаткан моделдер. Севилья (Испания)

12 / 17

Колумбияда быйылкы январь акыркы он жылдыктагы эң ысык ай болгондуктан токой өртү көп катталды

13 / 17

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пекиндеги Олимпиада оюндарынын ачылышында. Кытайга иш сапары учурунда ал өлкө жетекчиси Си Цзиньпин менен жолукту.

14 / 17

Гранит шахтасында иштегендиги үчүн маянага кезекке турган аялдар. Африка, Буркина-Фасо

15 / 17

Сиам булуңунда суу алдындагы нефть түтүгү сынып кеткен. Сүрөттөгү жумушчу Таиланддагы Мае Рам Фуенг пляжында суунун бетине калкып чыккан кара майды калпып алып жатат.

16 / 17

Россия президенти Владимир Путин Пекиндеги Олимпиада оюндарынын ачылышында

17 / 17

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 6-январь күнү бийликке келгенине 70 жыл болгонун белгиледи

Тема боюнча:
Суктанткан ирмемдер. Пекиндеги олимпиаданын ачылышынан 21 сүрөт
Тамшандырган табигаттын эң мыкты 18 ирмеми
Индиядагы калың кар, Кытайдагы аязда сууга чумкугандар. Аптанын 17 ирмеми