Консерва организмге эмнеси менен коркунучтуу? Диетологдун эскертүүсү

Медик белгилегендей, бул азыктын курамында адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу деген эки зат бар.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Консерва колдонуу кан басымды жогорулатып, рак илдетин өрчүтүшү ыктымал. Бул тууралуу диетолог Елена Соломатинанын айтымына таянып РИА Новости кабарлады.
Медик белгилегендей, бул азыктын курамында адамдын ден соолугу үчүн коркунучтуу деген эки зат бар.
"Өндүрүштө жасалган консервада натрийдин бензоаты деп аталган кооптуу кошулма бар. Эгер бул зат организмге көп түшсө, залалдуу шишиктер өрчүшү ыктымал. Бул изилдөөдө далилденген", — деген диетолог.
Колго жасалган консервада анчалык кооптуу кошулмалар жок. Бирок аларды да этияттап колдонууну эскерткен.
"Консерваларда туз көп болот. Ал эми тузду ашыкча колдонуу организмде суюктукту топтоп туруп алат да, андан кан басым көтөрүлүп кетиши ыктымал", — деген диетолог.
Мындан тышкары, туз метаболизмди начарлатып, адамды шишитерин айткан.
Дарыгер кандагы кантты дары-дармектин жардамы жок түшүрүүнүн жолдорун айтты