Сокулуктагы сабалган эки жашар бөбөккө бийлик кандай жардам берери айтылды

Бөбөккө байланышкан маселе Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө болуп, тиешелүү кызматтардын аларга медициналык, психологиялык, укуктук, социалдык жана башка жардамдарды көрсөтөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Сокулукта зордук-зомбулукка кабылган эки жашар бөбөк жаткан жерге барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Наристе азыр жалпы медициналык практика борборунда дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Рысбекова бөбөктүн абалы менен таанышып, дарыгер менен баарлашып, баланын атасынын пикирин уккан. Ал жагдай боюнча айтып берген.
Бул факт Сокулук районунун ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө жүрүп жатат.
"Рысбекова бардык тиешелүү кызматтарга үй-бүлөнү социалдык жактан колдоого алуу боюнча иштерди тез арада уюштурууну тапшырды. Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бардык керектүү жардамдар көрсөтүлөт", — деп айтылган маалыматта.
Бул иш балдар иштери боюнча комиссияда каралары да кабарланган.
Мындан сырткары, аталган окуя Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу органдын көзөмөлүндө болуп, тиешелүү кызматтар медициналык, психологиялык, укуктук, социалдык жана башка жардамдар көрсөтүлөрү айтылды.
Эске салсак, 3-февраль күнү саат 21:30дар чамасында аймактык ооруканага денесинен ар кандай жаракат алган эки жашар бөбөк түшкөн. Аталган факт Сокулук РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Кыйноо") боюнча Бирдиктүү реестрге катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган. Кийинчерээк милиция аталган кылмышка шектүү катары Сокулук районунун 35 жаштагы тургунун кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Алдын ала маалыматтар боюнча, баланын ата-энеси жергиликтүү тургундун малын карап иштечү. Буга чейин мал караган жубайлар жумуш берген адамга карыз болуп калышкан. Аялдын көрсөтмөсүнө ылайык, уулун аны менен чогуу жашаган киши сабаган. Тагыраагы, бул жубайларга жумуш берген жергиликтүү тургун. Учурда иликтөө иштери уланууда.
Эки жашар бөбөктү сабады деген шектүү эркиндиктеби? ШИИБдин жообу