БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жамааты жаңы келген жетекчиликти мекемеге киргизбей койду.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Ага жаңы директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.
Бүгүн маалымат жыйындан кийин саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев эмгек жамаатка жаңы директорду тааныштырууга келген, бирок ага жол беришкен жок.
Медициналык мекеменин кызматкерлери эшикти тосуп туруп алышкан. Ал эми Бейшеналиев тарабынан кызматтан алынган Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтты. Ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчиликти киргизбей турганын билдирди.
Govori.TV телеканалы тартып алган видеодон эмгек жамааттын министрдин орун басары менен жаңы директордун кетишин талап кылганын көрүүгө болот. Мындан улам алар артка кайтышкан.
Буга чейин Бейшеналиев Жумабеков ооруканада соңку жети жылдан бери жасаган иштери үчүн сотто жооп берерин айткан.
Кечээ Жумабеков Sputnik Кыргызстанга курган маегинде өз версиясын айткан.