Кыргызстандын ЕАЭБдеги төрагалыгы: жыл ичинде кандай иш-чаралар болот?

Пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине төрагалык кылган 2022-жылы кандай иш-чаралар болорун президенттик администрациядан айтып беришти.
Эске салсак, бир жылдык төрагалык миссияны Кыргызстан 1-январдан тарта коңшу Казакстандан өткөрүп алды.
Иш-чаралардын тизмеси:
Евразиялык экономикалык жогорку кеңешинин жыйыны — үч жолу (бири Кыргызстанда);
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны — төрт жолу (бири Кыргызстанда);
ЕЭК кеңешинин жыйыны — 12 жолу (экөө Кыргызстанда);
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин алкагындагы экономикалык форум менен ЕАЭБдин Евразиялык климаттык форуму Кыргызстанда бир ирет милдеттүү түрдө өткөрүлчү иш-чаралар;
ЕАЭБ мамлекеттеринин экономика министрлеринин жыйыны, Агроөнөржай саясаты боюнча ЕЭК кеңеши, "Антиконтрафакт – 2022" эл аралык форуму, ЕАЭБдин ишкерлер кеңешинин жыйыны, ЕАЭБ жаштар экономикалык форуму — ар бири бир жолудан Кыргызстанда өткөрүлөт;
Евразия конгресси — Москва шаарында бир жолу болот.
Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, пландалган иш-чаралар эпидемиологиялык кырдаалга жараша өткөрүлөт. Эгер абал начарлап кетсе, айрымдары видеоконференция форматында болмокчу.
Радио
Акматов: ЕАЭБ евразиялык ювелирдик бренд концепциясын кабыл алды