Путин: АКШ Москванын тынчын алган нерселерге кол шилтеп койду

Президент Путиндин айтымында, АКШ Россиянын коопсуздук боюнча үч негизги маселесине кайдыгер мамиле жасоодо.
Sputnik
Кошмо Штаттардын коопсуздук кепилдиги боюнча жообунан америкалык тарап Россия үчүн маанилүү деп эсептелген принципиалдуу маселелерди көңүл сыртында калтырып койгону белгилүү болду. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө башчысы Москва коопсуздук кепилдиги боюнча сунушка АКШ менен НАТОнун жообун дыкат анализдеп жатканын белгиледи. Кат 26-январда келген. "Негизги үч талап эске алынган эмес", — деди президент.
Путин негизги учурлардын бири деп альянстын кеңейишине жол бербөө, сокку уруучу системаларды РФ чек арасына жайгаштыруудан баш тартуу жана НАТОнун Европадагы инфраструктурасын 1997-жылдагы абалына кайтарууну атаган. Президент альянстын СССР урагандан кийин инфораструктурасын чыгышты көздөй жылдырбайбыз деген убадасын эске салып, учурда уюмга Прибалтика мамлекеттери, Польша жана Румыния мүчө экенине токтолду.
Мындан тышкары, ал альянстын документтеринде бир да жерде "ачык эшик" саясаты камтылбаганына көңүл буруп, Украинанын НАТОго кирүүсү кандай кооптуулукка кептей турганын айтып берди.
"Украинанын өзүнүн доктриналык документтеринде Крымды кайтаруу ниети жазылган, аскерий жолу да каралган. Ачык айтылбайт, бирок документте турат. Эми НАТОго мүчө болгон Украинага толтура курал-жарак жеткирилип, Польша менен Румынияда даярдалган сокку уруучу система куруп жатканын элестетип көрөлү. Ким жолтоо боло алат? Анан Крымда операция жүрөт, Донбассты айтпай эле коеюн", — деди Путин.
Президент мындай сценарийдин кесепети тууралуу бир ой жүгүртүп коюуга чакырган. Путин Москва абалды курчутууга жол бербөөгө умтулуп жатканын айтып, бирок бул үчүн кызыкдар тараптын баарынын — Россиянын да, Евробиримдиктин да, Украинанын да коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.
Москва Вашингтондон жашыруун кат алды

Ыкчам реакция

РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров буга чейин Москва АКШ жана НАТОнун ар бир өлкөсү коопсуздуктун бүтүндүгү боюнча кайрылууга жооп берерин күтүп жатканын айткан.
"Ыкчам реакция күтүп жатабыз. Көп деле убакытты албашы керек. Мында кеп кырдаалды тактоо тууралуу болуп жатат. Ушунун негизинде Сиздердин президент (премьер) тиешелүү милдеттенмелерге кол койду", — деп жазылат Лавровдун АКШ, Канада жана бир катар Европа мамлекеттеринин тышкы иштер боюнча ведомстволорунун башчыларына жолдогон кайрылуусунда. Текст РФ ТИМинин расмий сайтына жарыяланып, 28-январда жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, документте "аталган кайрылууга жоопту ар бир өлкө өзүнүн улуттук кызыкычылыгынан туруп жооп берет деген ишенимдебиз, анткени милдеттемелерди ар бир мамлекет жекече кабыл алган" деп айтылат.
Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Москва коопсуздук кепилдиги боюнча АКШ менен НАТОнун жообуна жасалган реакция мекемелер аралык макулдашуудан өтүп жатканын белгиледи. Бирок Вашингтон НАТОдогу союздаштары менен коопсуздуктун бүтүндүгү принцибин көз жаздымда калтырып жатканын да кошумчалады.
"Бул евроаатлантикалык мейкиндикте макулдашылган эл аралык укуктун негизги принциби. Батыштагы кесиптештер аны көз жаздымда калтырып тим болбой, таптакыр унуткарууга аракет кылып жатышат. Мындайга жол бербөө үчүн сунушубузга Вашингтондон жооп келгенден кийин азыр сүйлөшүп жаткандарыбыздын баарын өзүнчө баракка түшүрүп, ЕККУ өлкөлөрүнүн жана бир катар башка мамлекеттердин тышкы иштер министрлерине кайрылуу жолдодум. Алар биздин позицияны билиши керек", — деди Лавров. Дипломаттын айтымында, ал Блинкенге "бул Россия үчүн будамайлоого жол берилбей турган адилет сүйлөшүүнү талап кылган тема экенин" ырастаган.
Лавров: согуш чыгар-чыкпасы Россиядан көз каранды болсо, жаңжалга жол берилбейт

Украина маселеси жана Батыш менен сүйлөшүү

Акыркы айларда Россия менен Батыштын мамилеси улам катаалдашып бара жатат. Батыш өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп, Чыгыш Европада аскерин да, курал-жарагын да көбөйтүп, санкциялар күчөтүлөрүн айтып коркутууда. Россия бардык айыптоолорду четке кагып, Киев Минск макулдашуусун аткарбай, чек ара линиясына өздүк курамдын жарымын алып келип, тыюу салынган куралдан ок чыгарып жатканын эске салып келет.
Москва "агрессия тууралуу" маалыматтардын максаты Россиянын чек араларында чет элдик группировкаларды күчтөнтүү экенин бир нече ирет айткан. Кремль дагы, ТИМ дагы Украинадагы эскалациянын негизги себеби — аймакка аскердик инструкторлорун, курал-жарак, техника жөнөткөн, машыгууларды көбөйткөн АКШ менен НАТОнун аракети экенин белгилеген. Мындай кадамдары менен алар Киевди аскерий авантюраларга түртүп жатышканы далай ирет айтылган.
Былтыркы жылдын соңунда Москва Брюссель менен Вашингтонго коопсуздук кепилдиги тууралуу документтердин долбоорун жөнөткөн. Кремль блоктун постсоветтик өлкөлөр менен аскерий кызматташуусун токтотууну, алардын аймагында база жайгаштырбоону, РФ чек арасына жакын жерде сокку уруучу каражаттарды орнотуу аракеттерин чектөөнү, Европадан америкалык өзөктүк куралды чыгарууну жана НАТОну чыгышты карай кеңейтпөөнү талап кылып келет. 27-январь күнү Россия кат түрүндө жооп алды. ТИМ батыштык өнөктөштөр Россия үчүн орчундуу мааниге ээ болгон альянсты кеңейтпөө жөнүндөгү талап көз жаздымда калганын билдирген.
Борис Жонсонго Россия менен согуштун кажети эмне?