Жолго акы төлөтүп, күйүүчү майды кымбаттатуу каралууда. Мыйзамдын чоо-жайы

Депутаттар күйүүчү майдын акциз салыгынын жана автоунаалардын каттамына акы төлөтүүнүн эсебинен жолдорду оңдоону сунуштады. Sputnik Кыргызстан бул система кандай иштей турганына кызыгып көрдү.
Sputnik
Бүгүн ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу парламенттик угуу өткөрдү.
Аталган мыйзам долбоорун былтыр депутаттар Нурбек Алимбеков, Улугбек Ормонов, Акылбек Жапаров, Аалы Карашев жана Султанбек Анарбаевдер демилгелеп, биринчи окуудан өткөн. Максаты — Жол фондун түзүү менен өлкөдөгү жолдорду талаптагыдай оңдоп-түзөөгө каражат табуу.
Анда демилгечилер бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын тоннасына 2 сомдон кошулуп турарын айткан. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлмөк. Мындан фондго алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшөрү жазылган.
Ал эми 2022-жылдан тарта жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат.

Жол фонду кантип иштейт

Бүгүнкү угууда демилгечилердин бири Улугбек Ормонов баяндама жасап, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип жатканын билдирди. Муну 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү пландалууда.
Депутат Улукбек Ормонов
"Жол фондуна республикалык бюджеттен, күйүүчү май жана мотор майларынын акциздик салыгынын 50 пайызы, жолдо жүрүү акысынан, эреже бузуу үчүн салынган айып пулдун эсебинен каражат түшөт. Фонддун акчасын башка чыгымдар үчүн колдонууга тыюу салынат. Акыркы эки жылда пандемиянын кесепетинен улам жол тармагына бөлүнгөн каражат азайып, жаңы жол курууга эмес, оңдоого да шарт болбой калды", — деди Ормонов.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев өлкөдө 30 жылда 4,2 миң чакырым эл аралык магистралдын 2,2 миң чакырымы реконструкцияланып жана кайра курулганын айтты. Буга 2,5 миллиард доллар жумшалган. Бул сумма мамлекеттик тышкы карыздын 60 пайызын түзөрүн белгиледи. Андыктан өкмөт Жол фондун түзүшү керек деп эсептейт.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев
"Кыргызстанда 1,4 миллион автоунаа бар, анын ичинен жүк ташуучулар 213 миң. 2021-жылы күйүүчү, майлоочу майлардын акциз салыгынан 3,8 миллиард сом түштү. Демек, 2023-жылы Жол фондуна анын жарымын, 1,9 миллиард сомун которо алабыз. Бул фонд Эсеп палатасына отчёт берет, Финансы министрлиги тарабынан көзөмөлдөнөт, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында иштейт. Өзүнүн байкоочу кеңеши болот", — деди Аалиев.
Ошондой эле ал мындай шартта жыл сайын 200 чакырым жолго асфальт төшөп, дагы ушунча көлөмдөгү трассаны капиталдык оңдоодон өткөрүп, бетон жолдору да курула баштаарын белгиледи. Муну менен бирге жол үчүн алынган карыздарды төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтты.
"Акциз салыктарын жыл сайын кошуп майдын тоннасына 17 миң сомго чейин көтөрүү пландаштырылууда. Бирок ЕАЭБдин талаптарына ылайык эң жогорку чек 10 миң сом болсун дейбиз. Ошол эле учурда азырынча акциз салыктарын өзгөртүүсүз калтырууну сунуштайбыз, себеби бул күйүүчү майдын кымбатташына алып келет", — деди министрлер кабинетинин орун басары.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технологиялык машина куруу" кафедрасынын доценти Кубатбек Муктарбек уулу Жол фонду аркылуу карызды төлөө саясатын сынга алды.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технологиялык машина куруу" кафедрасынын доценти Кубатбек Муктарбек уулу
"Жол фондунун түзүлүп жатканы жакшы. Бирок сырткы карызды төлөө дегени кошулуп калганына түшүнбөй турам. Айдоочулар бензин аркылуу жана башка ыкмалар менен акча төлөп жаткандан кийин жыйынтыгын көрүш керек да. Карызга төлөп салсак, эл эмне дейт? Анан Россиянын, АКШнын тажрыйбаларын алып жазып жатасыздар. Мен Германияда, АКШда окуп келгем. Алар да бир литр бензинге 4 сом эле кошот экен, бизде бир сом эле кошсок жетет. Жолго акы алуу туура эмес. Америкада, Германия, Филиппинде акы төлөп жүрө турган жолдор жок. Мен каршымын, бул коррупцияга жол ачат", — деди Муктарбек уулу.

Кыргызстанда жылына 1,3 млн. тонна күйүүчү май керектелет

Ал эми Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов учурда күйүүчү майдын акциз салыгы тоннасына 5000 сом экенин, эгер аны 10 миң сомго көтөрсө литрине 4 сомго кымбаттай турганын билдирди. Ансыз да кымбатчылык болуп жаткандыктан акциз салыгын өзгөртүүсүз калтырууну суранды.
"Газпром нефть Азия" ишканасынын директорунун орун басары Мирлан Асанкожоевдин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын күйүүчү майга болгон муктаждыгы жылына 1,3 миллион тонна. Анын ичинен 95 пайызы Россиядан импорттолот.
"Акциз жогоруласа күйүүчү майдын баасы кымбаттайт. Анын арты менен элдик керектөө товарларынын баасы да өсөт. Бул экономикалык өсүштүн токтошуна, андан аркы кризиске кептейт. Андан сырткары, коңшу өлкөдөн легалдуу эмес жолдор аркылуу ташууга өтүшөт. Мындай учурда бюджет үчүн да, бизнес үчүн да утуш болбойт. Андыктан Жол фондунун булагы катары бир гана акцизди эмес, кошумча нарк салыгын дагы карап көрүүнү сунуштайбыз", — деди Асанкожоев.
Май куюучу жай. Архив

Акцизден башка булактар каралсын

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев негизи Жол фонду керектигин, бирок каржы булактарын башка жактан кароону айтты.
Депутат Жогорку Кенеша Алишер Козуев
"Бул мыйзам долбоору кыскача айтканда карапайым калктан кандай жол менен акча чогултуп казынаны толтуруп, карыздан кутулуп, жолдорду жакшы тейлөө деген максат экен да. Азыр элибиз ачка отура алат, бирок машинасыз жүрө албайт экен. Күйүүчү май кымбаттаса коомчулук менен бийликтин ортосунда чоң жарака пайда болот. Азыр бир сомго өскөнү да оор келүүдө. Башка булактарды карап көрбөйлүбү. Ошол эле транспорт салыгы, экологиялык жыйым, техникалык кароо, таразадан түшкөн акчаны берели. Ансыз деле салыктар көбөйүп эл нааразы", — деди Козуев.
Ошондой эле депутат Транспорт жана коммуникация министрлиги эң эле коррупцияланган орган экенин белгилеп, Жол фондун анын карамагына берүүгө каршы чыкты.

Азырынча акциз көбөйтүлбөйт

Андан соң депутат Улукбек Ормонов экинчи окууда долбоордон акциз салыгы азырынча көбөйтүлбөй турганын белгиледи.
"Биз жолго төлөнүп жаткан сумманы даректүү пайдаланалы деп жатабыз. Жолго байланыштуу ар кандай жыйымдардан 2017-жылы 10 миллиард сом чогулган. Анын ичинен жол оңдоого 1,5-2 миллиард гана берилип жатат. Азыркы статистиканы дагы тактап, анын 50 пайызын алганда 4-5 миллиард сом болот. Муну менен жолду тейлөөгө бөлүнчү каражатты эки-үч эсеге көбөйтөбүз. Андыктан Жол фонду керек, сиздердин сунушуңуздарды дагы эске алабыз", — деди Ормонов.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт

Элде тандоо болот

Талкуунун жыйынтыгында Азиз Аалиев акы төлөнө турган жолдор мамлекеттик жеке өнөктөштүк негизде альтернатива катары куруларын билдирди.
"Азыр Чолпон-Ата — Алматы альтернативдик жолунун планын даярдап жатабыз. Эл аралык инвесторлук келишимдин негизинде акы төлөнүүчү жол болот. Туристтер кааласа кыска жол аркылуу ылдам келүү үчүн акы төлөйт. Дагы бир мисал, Төө-Ашуунун алдына жаңы туннель салуу боюнча ири долбоор даярдап жатабыз. Андан да акы алынат. Албетте элде тандоо болот. Жалпы колдонуудагы жолдор акысыз бойдон калат", — деди Аалиев.
Соңунда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Бакыт Сыдыков бүгүнкү ой-пикир, сунуштарды эске алып мыйзам долбоорун өкмөт менен биргеликте иштеп чыгып, экинчи окууга алып чыгарын билдирди.
Пресс-борбор
Жол-транспорт коопсуздугун көзөмөлдөгөн башкармалык түзүлдү. Милдеттери
Буюрса, ачылды! Көк-Арттагы тоннелди эки жагынан казган куруучулар жолуккан видео