Бишкектин көркүн бузуп, көйгөй жараткан электр зымдарынын "желеси". Сүрөт

Электр зымдары боюнча маселени чечүү үчүн Бишкектин биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгынын алдында "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бишкекти үймөлөктөшкөн электр зымдарынан арылтпаса жакын арада ордо калаа Түштүк Азия шаарларынын кейпин киет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирип, шаардагы оролгон зымдардын сүрөттөрүн жүктөгөн.
Бишкекти үймөлөктөшкөн электр зымдарынан арылтпаса жакын арада ордо калаа Түштүк Азия шаарларынын кейпин киет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси билдирип, шаардагы оролгон зымдардын сүрөттөрүн жүктөгөн.
Мекеме Бишкекте электр зымдарынан баш айланарын белгиледи.
"Ар кандай интернет-провайдер, мобилдик компаниялардын кабелдери жана электр зымдары шаардын көркүн бузууда. Жыл сайын аба аркылуу өткөн зымдар көбөйгөндөн көбөйүп, үйлөр, мамы, көчөлөр, ал тургай жаңы конуштар зымдардын желесинин алдында калууда", — деген ишкана.
Мамлекеттик мекеме эскирген мамылар кулайын деп турганын эскерткен. Бул маселени чечүү үчүн Бишкектин биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкуловдун төрагалыгынын алдында "Бишкек башкы архитектурада" жыйын өтүп, анда аба аркылуу өткөн кабелдерди жер алдындагы телефон канализациясына кошуу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу каралган. Жыйынга "Кыргызтелеком" ишканасынын, интернет-провайдер, шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышкан.
Алар кабелдерди жер алдына өткөрүү идеясын колдоп, мындай чечим Бишкектин көрүнүшүн жакшыртарын, коопсуздук менен камсыз кыларын белгилешти.
Бишкекке батыштан кирип келе жаткан жак өзгөрөт. Видео