Орто Азияда жарыктын жапырт өчүшү. Тандоо убагы келген сыяктуу

Орто Азиянын бир катар мамлекеттеринде электр тармагы масштабдуу үзгүлтүккө учурап, жаңыдан гана калыбына келтирилди.
Sputnik
Чөлкөмдөгү бул багыттагы көйгөйлөр туурасында Сергей Савчук ой толгогон, анын макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Кыргызстандын борборунда өлкөнүн башкы аэропортунун, суу басымындагы мунаралардагы насостук жабдууларынын иши токтоп, жол кыймылын тескөө тутуму иштен чыгып, кээ бир шаарларда жарык таптакыр өчтү.
Өзбекстанда да жаңыдан электр жабдуулары толугу менен калыбына кечээ гана келтирилди. Республикада негизги инфраструктуралык объектилер: Ташкенттеги аэропорт жана метронун иши токтоп калды. Дээрлик сутка бою таза суу чыкпай, суу түтүктөрү жана канализация иштебей, жылуулук да өчүк турду.
Казакстанда энергетикалык системанын ишиндеги үзгүлтүк өлкөнүн түштүк бөлүгүндө, атап айтканда, Алматы, Шымкент, Тараз жана Түркстан облусунда гана байкалып, бирок кыйла масштабдуу мүнөздө болду. Түркмөнстандан аздыр-көптүр маалымат келүүдө, бирок жарык аларда да өчкөн.
Тармактагы авариядан мындай жабыр тарткан тараптар бири-бирин айыпташты. Өзбекстан менен Кыргызстандагылар күнөө Казакстанда дешти. Бул өлкө Караганда менен Жамбыл облусунун ортосундагы магистралдык электр өткөргүч чубалгыларынын тилкесине Борбор Азия бириккен энергетика тутумунда авариялык тең салмаксыздыкка жол берген Ташкент менен Бишкектин айынан күч келди деди.
Ушул тапта электр кубаты дээрлик бардык жерде калыбына келтирилди. Анткен менен мындай окуянын түпкү себеби тереңде, ал эми кесепети баарына тегиз тийиши ыктымал. Бир нече фактыларды келтирели. Кырсык "Түндүк — Чыгыш — Түштүк Казакстан" транзитинин тилкесинде болгон. Кыргыз тараптын айтымында, авариялык автомат иштеп кетип, Казакстандын түштүгү гана эмес, өлкө чегинен да тыш чектөө 1500 мегаватты түзүп калган.
Учурда электр энергиясы кантип таратылууда? Энергошакекче тууралуу 6 суроого жооп
Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан борбор азиялык энергетикалык айлампаны түзүшкөн. Негизинен ал жарым кылым оболу, тагыраак 1960-жылдардын аягында долбоорлоно баштаган. Советтик инженер-энергетиктер өтө татаал вазыйпаны аткарышкан. Инструменттердин аздыгына карабастан алар жеңил өнөр жай жана айыл чарбасы күргүштөп өнүгүп бараткан бир нече өлкөнү электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоонун жолун издөөгө тийиш эле. Акыры эбин табышат. Улуттук республикалардын баары бирдиктүү мамлекеттин курамына киргендиктен чек аралар аралык координация машакаты жок эле. Ташкенттеги координациялык-диспетчердик борбордон тескелчү система иштеп турган.
Казакстанга башкы транзиттик күрөө тамырдын ролу бөлүнгөн. РСФСРден ал жакка дароо жети энергетикалык көпүрө кирген. Алар аркылуу тийиштүү мегаваттар түштүккө, эң оболу Өзбекстанга кеткен. Анткен менен бул жакта алигүнчө энергетикалык таңсыктык бар. СССРдин башкы пахтачы республикасына электр кубаты Кыргызстандан да, Тажикстандан да берилип турган. Экөө тең тоолуу өлкө, ошондуктан гидроэлектр станцияларга басым жасоо акылга сыярлык чечим эле. Белгилей кетсек, ушул эки республикага ар кандай көлөмдөгү суу сактагычтардын дээрлик сексен пайызы мураска калган, кезегинде аларда гидроагрегаттар орнотулган дамбалар курулган. Бирок бул эки республика электр тармагында дегеле көйгөйгө кабылган эмес дешке да болбойт. Бирдиктүү энергетикалык айлампанын шарттарына ылайык күзгү-кышкы маалда Кыргызстан менен Тажикстан суу топтоп, саратанда аны агызып, коңшу мамлекеттер үчүн электр кубатын өндүрүп, жол боюнда Өзбекстандын пахта талааларын да сугарып өтүүгө туура келет. Суук түшкөн убакта аталган эки республика өздөрү электрдин тартыштыгына кабылып, таңсыктыкты мазут жана көмүр менен жоюуга аргасыз болот.
Гидро жана жылуулук генерациясынын катышы тууралуу айтсак, мында суу ресурстары өндүрүштүн отуз пайызын, ал эми жылуулук станциялары калган жетимиш пайызын камсыз кылат.
Борбор азиялык энергетикалык айлампа Советтер союзу ыдыраганча мыкты иштеп турган. Суверенитетке ээ болгондон кийин өлкөлөр ортосунда ушул маселеде көп татаал жагдайлар болгон. Тараптардын ар бири өзүнө мураска калган инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланган.
Аталган бирдиктүү энергетикалык тутум ошол боюнча 2003-жылга дейре иштеген, ошол маалда Түркмөнстан, ал эми 2009-жылы Тажикстан чыгып кеткен. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ар кимиси коңшулары менен макулдашпай туруп профилдик мыйзамдарды, тариф жана салык механизмдерин кабыл алышкан. Мындай көрүнүштөрдүн баары ансыз да татаал тутумдун ишин татаалдаштырып, жарыктын улам өчүрүлүшүнө алып келген.
Азыркы түзүлгөн абалда эки негизги жагдайды да атоо абзел. СССРдин кыйрашынан кийин мурдагы энергетикалык айлампанын шарттуу чек араларында калктын саны кыйла өстү. 1991-жылдан бери Өзбекстандын эли жыйырма миллиондон отуз төрт миллионго жетти. Тажикстанда калктын саны эки эсеге көбөйүп, он миллионго чукулдап, Казакстандын жарандары эки жарым миллион, Кыргызстандыкы эки миллионго, Түркмөнстандыкы үч миллионго жогорулады. Башкача айтканда, электр кубатын керектөө да ошончолук өсүп, түйүндөргө азыр кеминде эле 2 – 2,5 эсе күч келет. Анан калса аталган республикалардын эч кимиси Беларусь АЭСи өңдүү бир дагы заманга бап ири өндүрүш объектисин курган эмес. Демек, аталган схеманын катышууларынын баары дайым импорттоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издеп, Тажикстан менен Кыргызстан жайкысын ашыкча сууну кайда сарптоо, ал эми кышкысын электр кубатын сырттан сатып алуу маселеси менен алпуруша берет. Ушундай татаал экономика.
Борбор Азияда жарыктын жапырт өчкөн себеби айтылды. Казакстандын жүйөсү
Экинчи көйгөйгө токтололу. Советтер Союзунан берки электр түйүндөрүнүн көпчүлүгүнө бери дегенде эле 35 жылдан ашты. Ошол себептен авариялар улам кайталанып, бузулуп, электр өткөрүүдө да чоң жоготууларга тушуктурат. Казакстан түйүндөрдүн эскилигинен эле жыл сайын электр кубатынын жети пайыздан жыйырма пайызга чейин жоготууга дуушар болот. Башка республикалар боюнча так маалымат жок, бирок жагдай мындан айырмаланары арсар.
Аталган мамлекеттердин өкмөттөрү заманга бапташтыруу жолунда тоскоолдуктар көп экенин түшүнүшөт. Бюджеттери да чубалгыларды толук алмаштырууга жол бербейт. Мындай таңсыктыкты казак кара алтыны менен чечүүгө болмок, маселен Экибастуз бассейниндеги эле көмүрдүн кору он миллиард тоннага бааланат. Бирок жашыл экономиканы кызуу жактаган эл аралык насыя-каржылык уюмдар казып алынчу жылуулук ресурстарына, анан да көмүр өндүрүшүнө байланышкан долбоорлорго инвестиция салуудан баш тартышат.
Убакыт өтүүдө. Калктын саны өсүүдө. Түйүндөр эскирип, ал эми эскилиги жеткен Жылуулук электр станцияларынын ордуна келчү жаңы объектилерден дегеле кабар жок. Ушундай туңгуюк. Бул орток жана системалуу көйгөйдү кантип чечүүгө болот? Чындыгында варианттары деле көп эмес.
Отуз жылдан кийин борбор азиялык бириккен энергетикалык айлампанын катышуучулары бул маселе жаатында бир пикирге келери күмөн. Демек, тышкы арбитр же ал түгүл тескөөчүнү тартуу талап кылынат. Саясий, каржылык жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү жагынан бул ролду бир гана өлкө аткара алат.
Казакстан да бир нече ай мурун жарыкты маал-маалы менен өчүрүүдөн качуу үчүн дал ушул өлкөдөн мегаватт сураган. Ал чакан кубаттуулуктагы атомдук станцияларды курат. Буга Армения катуу кызыгып, Кыргызстанда да зарыл экени туурасында сөз жүрөт. Ушундай эле бир станцияда Беларусь Казакстан жана Өзбекстан каалаган көлөмдөгү электрди өндүрөт. Булар да ушул жаатында алдын ала макулдашкан. Ушул боюнча топтогон тажрыйбасы Тажикстанга да пайдасы тиймек. Бул мамлекет сүзүүчү атомдук электр станцияларын куруп, атомдук муз жаргычтарды чыгарып, энергия өндүрүүчү жаңы объектилердин курулушуна мамлекеттик насыяларды берет. Кеп кайсы өлкө туурасында экенин боолголоп жаткан чыгаарсыз...
Энергошакекче кантип иштейт? Кыргызстан андан чыгып, энергияны калыбына келтирди