Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Ташиев: бүгүн чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарылат

Кыргызстандын аскер техникасы жол боюнда бара жатат. Архив
Ташиев чырдан улам эвакуация болгон эл кечке чейин үйлөрүндө болуп каларын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдө эмне маселелер каралып, чечилгенин айтты.
Сүйлөшүү кыргыз-тажик чек арасындагы "Достук" заставасынын жанында болгон. Анын айтымында, тараптар чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарыларын белгилеген.
Оперативное совещание ГКНБ на таджикско-кыргызской границе
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдө

"Жолугушуунун негизинде бир нече чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээки окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечтик. Ал комиссия чырдын келип чыгуу себептерин карайт. Мындан сырткары, ӨКМге үйлөрүнөн чыгарылган адамдарды кайра кайтаруу тапшырмасы берилди. Алар кечке чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Ошондой эле чек арадагы күч түзүмдөрүн өз бөлүктөрүнө кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул боюнча чогулуш өтүп жатат. Чек арада бир гана чек арачылар жана милициянын керектүү кызматкерлери калып, калганы кетет", — деди Ташиев.

Ал тажик тарап жолугушууда сүйлөшүлгөн жыйынтыктарды аткарарына ишенерин айтты.
Электр линияларын ремонт учурунда. Архив
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Баткендеги атышуу: чубалгылар оңдолуп, айылдарга жарык берилди
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
ИИМ: Баткен милициясы күчөтүлгөн тартипте иштеп, айылдарда күзөттө турат