Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Алимбаев жолугушуу өткөрүүдө, Головной менен Төрт-Көчөдө атышуулар угулуп жатат

Баткен менен Согди облусунун башчылары жана чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Жолугушуу Как-Сай аймагында өтүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен аталган облус боюнча чек ара башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы жана чек ара өкүлү менен жолугушууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Жолугушуу Баткен районунун Как-Сай аймагында саат 1:43тө башталган.
Саат 02:00гө карата Көчө-Бою менен Дахма аймактарында ок атуу токтоду. Головной жана Төрт-Көчө аймактарында атышуулар уланууда.

Чек арадагы жаңжалдын чоо-жайы

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 27-январь күнү саат 17:50лөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында жол каттамы ачылган. Кырдаалды жөнгө салуу аракетине карабастан тажик тарап чек аранын башка аймагында, тактап айтканда, Чыр-Дөбө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй миномёт жана гранатомёттордон ок чыгарышкан. Андан кийин тажик чек арачылары Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстандын аскер кызматкерлерин көздөй ок атышкан. Чек ара кызматы Тажикстандын аскер кызматкерлеринин аракеттери жеринен координацияланганы, алардын бул чагымчылдык аракетке мурдатан даярдык көргөнү байкалганын белгиледи.
Алардын миномёт колдонушу чек ара аскерлеринин штаттык комплектисине кирбейт. Бул Тажикстандын Чек ара кызматы Куралдуу күчтөрдүн күчүн жана каражаттарын колдонгонун көрсөтүп турары кошумчаланды.
Ал эми тажик тарап Сомониён айылынан жамаат Чоркухка бара жаткан тажикстандыктардын машинасын таш менен ургулашкандыктан чуу чыкканын айтууда.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Жоготуулар бар. Кыргызстан Тажикстанды чагымчылдыкка айыптады
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Чек ара кызматы: Тажикстан пилотсуз учактар боюнча маалыматты бурмалады