НАТОго жик түшүп, ындыны өчүп турабы? Сереп

Кошмо Штаттар тарабынан жасалма түзүлгөн украиналык каатчылык түндүк атлантикалык альянсты бириктирбестен, жок кылып кое алчудай.
Sputnik
Америкалыктар менен европалыктардын улуттук кызыкчылыктары ушул тапта эки ача. Ал эми Вашингтондун жоопкерчиликсиз тышкы саясаты өтө кооптуу тартып, ондогон жылдар бою чөлкөмдүк согуштарды тутандырып жана миллиондогон адамдардын өлүмүнө кептегени турат.
Шарттуу түрдө бир кезде Россияга ыктаган Украина кайсы бир убакта Европа биримдигине жуурулушууга умтулуп, Европага эч кандай согуш коркунучун туудурган эмес. Баарын 2014-жылы Киевде Кошмо Штаттар тарабынан уюштурулуп 5 миллиард доллар сарпталган мамлекеттик куралдуу төңкөрүш өзгөрттү деген пикирде аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын кезектеги макаласы да Украина жана анын тегерегиндеги геосаясий жагдайдан кеп салат.
Өз кызыкчылыгын көздөп, ал эми союздаштарына залал келтирүү менен Вашингтон Европанын чордонунда алаамат жана узакка созулчу согуштук чыңалуу зонасын, Донбасста он миңдеген украиналыктарды өлүмгө кептей турган абалды, келечекте НАТОнун Россия менен болгон ири куралдуу жаңжалына себеп болчу зона түзүп койду.
Глобалдык коопсуздук түшүнүк жана параметрлерин бурмалаган АКШ Мамлекеттик департаменти бүгүн эпке келчү түрү жок. Өлкөнүн континенталдык бөлүгүнөн 8 500 аскер кызматкерин, атап айтканда, атайын операциялар, ошондой эле жер, аба жана деңиздеги күчтөрүн Европада ыкчам жайгаштыруу камында.
Украиналык эксперимент да америкалыктар үчүн афган, ирак, сириялык жаңжал сыяктуу эле жеңилүү менен аяктаары айкын. Мындай ар бир кампания туруксуздукка түртүп, жапырт өлүмгө кептеп, АКШны жек көрүүнүн жаңы толкунун жаратат, түндүк атлантикалык альянсты ичтен кыйратат.
Вашингтондун агрессивдүү тышкы саясаты бүлгүнгө салчу мүнөздө, антисоветтик, антироссиялык жана ошол эле убакта антикытайлык аскердик блоктун түптөлүшү маңызсыз экени айкын болуп барат. Тегин жерден Франция парламентинде кайрадан НАТОдон чыгуу пикири талкууланып, ал эми Польша Киев тарапта согушуудан баш тартып турбаган чыгар. Ал эми Германия Украинага курал жана аскердик адистерди эмес, талаа госпиталын жана жүрүштүк крематорийди жөнөтүүдө. Бул Киев үчүн өтө кейиштүү божомолдор бар экенин туюндурат.
Британиялык The Week басылмасы: "Эгер Батыш украиналык демократияны камсыздай албаса же муну каалабаса, демек, Украинанын ага кереги жок", – деп жазды. Вашингтон гана акыркы талды кармагандай бул маселеде беттегенин бербей келет.
Москванын НАТОну чыгышка карай кеңейтүүнү токтотуу талабына жооп иретинде мурдагы советтик республикалар жана чыгыш европалык өлкөлөрдөн куралган чет өлкөлүк күчтөрүн (мурда Афганистандан көчүрүлгөн 50 миңге чейинки америкалык аскерди) Пентагон дал Чыгыш Европага жеткирүүнү пландоодо.
Ал ортодо АКШ жана НАТО менен коопсуздук боюнча сүйлөшүүлөрдө убакыт өтүп, Россия жагдайга жараша, башкача айтканда, Европада өз коопсуздугун башка каражат жана ыкмалар менен коргоого даярдык көрүүдө. Бир катар батыш европалык лидерлер жана ал түгүл Киев жетекчилигинин пикиринде, Украинага россиялык кол салуу АКШ Мамлекеттик департаментинин позициясына карабастан реалдуу коркунуч эмес. Балким мындай парадокс Париждеги "Норманд форматындагы" сүйлөшүүлөргө байланыштуудур.
Европа Россияны жазалоонун эбин таппай убара. Ой толгоо
Ошол эле учурда Кремль 24-январда Донбасста Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуул коюу коркунучу күч экенин билдирди. Кремль чыңалуу АКШ тараптан шыкакталып жатканына тынчсызданат. "Россиялык кол салуу" тууралуу жалган маалымат таратуу менен Вашингтон жана Лондон Киевге жүздөгөн тонна учуучу курал жана ок-дары жөнөтүп, Донбасста танк, залптык октун реактивдүү тутумдары, улуттук батальондор пайда болду.
Украина президенти Владимир Зеленский калкына жасаган кайрылуусунда тез арада "өлкөнүн территориялык бүтүндүгү калыптанарын" билдирди. Батыш өлкөлөрү өз жарандарына Украина аймагына барбоого чакырып, 23-январда АКШ Мамлекеттик департаменти америкалык дипломат жана алардын үй-бүлөлөрүнө Киевден чыгып кетүүгө уруксат берди.
2008-жылдын августунда НАТОнун жыйырма өлкөсүнүн Грузияны миллиарддаган долларга курал менен жабдыганы да агрессорду тынчтыкка мажбурлоо боюнча россиялык операциянын жыйынтыгына таасир эте алган эмес. Жүз миллиондогон долларлык NLAW жана Javelin танкка каршы ракеталык комплекстеринин гранатометтору, Stinger зениттик-ракеталык комплекстери Донбасста Украина Куралдуу күчтөрүнүн ийгилигин да, 2022-жылы Украинанын территориялык бүтүндүгүн да камсыздай албайт.
Америкалык Foreign Policy басылмасы: "Россия менен Украинанын ортосундагы аскердик баланс Москванын пайдасына ушунчалык ооп турат. Вашингтондун бардык (аскер-техникалык) жардамы орунсуз жана жаңжал тутанып кете турган болсо натыйжасына эч кандай таасир эте да албайт", – деп белгиледи.
Салыштырсак, Беларусь Республикасынын чакан армиясы быйыл Россиядан 600 млн доллардын тегерегиндеги каражатка сокку уруучу Ми-35 тик учактарынын эскадрильясын, Су-30СМ оор истребителдеринин жаңы партиясын алат. Мындай кайра куралдануу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн түшүнө да кирбейт. Батыш украиналык жоокерлерди жарк эткен жеңишке жеткирчү операцияларга эмес, аягы көрүнбөгөн согушка жана өзүн-өзү жок кылууга даярдоодо. Көздөгөнү – чек ара жаңжалын жөнгө салып турган Россияны "ооздуктоо".
Планетадагы коңшуларды "жакшыларга" жана "куугунтукталгандарга" бөлүп-жаруу аракети Жакынкы Чыгышта Вашингтонго көп кан төгүүгө алып келип, чоң чыгымга батырды. Украина кырдаалы АКШнын геосаясий таасирин таптакыр жоюп салышы ыктымал.
Москва РФтин жүздөгөн жараны жашаган Донбасстагы аскердик чагымчылдыктардын кесепеттери жөнүндө Батышка катуу эскерткен. Россиялык реактивдүү артиллерия Беларусь Республикасынын аймагында Киевден 100 чакырым аралыкта жайгаштырылган. Кыскасы, Украина "курчалган".
Rand Corp талдоочулары Россиянын куралдуу күчтөрү ыраакка багытталган куралдары менен абадан таамай сокку уруп, алыстан украиналык коргоо күчтөрүнүн демин басып, анын территориясына кирбей туруп эле каалаган аракеттерди жүргүзө аларын белгилейт.
Жер ортолук деңизине Ла-Манша тараптан Түндүк жана Балтика флотторунун алты ири десанттык кемеси сүзүп келе жатат, алардын ар биринде 10дон ашуун танк жана 340 деңиз пехотачысы бар. Россиянын Аскер-деңиз флотунун жоопкерчилигиндеги бардык зоналарда: Жер ортолук, Түндүк жана Охота деңиздери, Тынч жана Атлантика океаны жана Оман кысыгында (Кытай жана Ирандын Аскер-деңиз флоту менен биргеликте) – январь-февраль айларында 10 миң аскер, 140 кеме, 60тан ашуун учуучу аппарат тартылган аскердик окуу өтмөкчү.
Россия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдиги боюнча жооп алды
Кокус НАТО өлкөлөрү менен куралдуу жаңжалы ырбап кетсе россиялык Куралдуу күчтөр АКШдагы чечим кабыл алуу борборлорун жер менен жексен кылып коюуга жөндөмдүү. Андайда алар РФке олуттуу сокку урууга да үлгүрбөй калышы ыктымал.
Пентагон жана түндүк атлантикалык альянстын башка өлкөлөрүнүн күчтөрү акыркы үлгүдөгү куралдар, дүйнөдөгү мыкты субмарина, истребитель, гиперүндүү ракеталар, абадан коргонуу каражаттары менен куралданган жүз миңдеген россиялык аскер адистери менен кармашууга технологиялык жактан даяр эмес. Ошондой күндө да Киевди бул түбү жаман бүтчү согушка эч ойлонбой шыкактоодо. Россиянын андан аркы аракеттерин (мезгил, технология, география, тигил же бул каражат жана куралдарды пайдалануу) болжоо кыйын. Учурда бир гана нерсе так: АКШ жана алардын союздаштары Россиянын позициясын өзгөртүп, башкалардын эсебинен өз коопсуздугун чыңдай алышпайт. Коопсуздук максатына жетүү үчүн Кремль бардык тийиштүү каражаттар менен аракет этүүгө даяр.
РФ Тышкы иштер министрлиги 1962-жылдагы Кариб каатчылыгынын кайталанып калышын да белгиледи. Ошентсе да алдыга ашыгуунун кажети жок, анткени Россия согушка кызыкдар эмес. Мамлекеттик Думанын кеңеши февралда Донбасс жана Луганск Эл Республикаларын таануу боюнча РФ президентине кайрылууну карайт.
Стэндфорд университетиндеги эл аралык коопсуздук боюнча семинарда АКШнын Аскер-деңиз флотунун илим-изилдөө институтунун улук адиси Майкл Кофман Украина Куралдуу күчтөрүн тынчтыкка мажбурлоо боюнча россиялык операциянын мүмкүндүгүн жана алгоритмдерин ынандырарлык жана чындыкка коошкон божомолун ортого салды. Анда төмөнкү урунттуу учурлар камтылат:
Киев мобилизациялык тузакта калды;
Украина Куралдуу күчтөрүнүн ири масштабда машыгуудан өткөн согуштук аракеттердеги тажрыйбасы ого эле аз, ал эми Аскер-деңиз күчтөрү жана Аскер-аба күчтөрү дээрлик жок;
РФтин кургактагы, аба жана деңиз күчтөрү тартылган болжолдуу операциясы басып алууну ниет кылбастан, бирок Киевде Россияга ыктаган өкмөттүн пайда болушу менен Украинанын бүт аймагына таасир этиши мүмкүн;
Украина Куралдуу күчтөрү коргонууда ийгиликке жетишүүсү күмөн, украиналык партизандык кыймылдын келечеги жок.
"Өнөктөштөрдүн" тил табыша албастыгында да Украина менен Грузияны НАТОго мүчө болушуна жол бербөө талабы акылга сыярлык, системалуу жана мыйзамдуу. Ал эми 2014-жылы украиналык территорияны аскердик өздөштүрүүнү көздөгөн АКШнын киевдик "майданга" кийлигишүүсүн мындай сыпаттай албайсың.
РФ тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков: "Украина менен Грузия эч качан, эч убакта НАТОго мүчө боло алышпайт. Жабык эшиктер аркасындагы куру сөздөргө, жарым-жартылай убадаларга же сүйлөшүүлөрдөгү айтылгандарды өздөрү билгендей чечмелеп алгандарына тоюп бүттүк. Эми экинчи тарапка ишенбейбиз. Бизге бекем, "суу да, ок да өтпөс" юридикалык жактан милдеттендирген кепилдиктер зарыл. Күбөлөндүрүү да, эскертмелер да эмес, "тийиштүү" жана "милдеттүү" деген сөздөр камтылган кепилдиктер гана керек. Бул документте болгону бул өлкөлөр эч качан НАТОго мүчө болбой турганы камтылышы шарт", – деп билдирген.
Россия глобалдык коопсуздуктун таптакыр жаңы тутумун түптөөнү демилгелегени белгилүү. Анын батыш "өнөктөштөрү" кеч болуп кала электе "украиналык Дюнкерктин" кайталанышына жол бербөө үчүн аракет көргөнү дурус.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
"Тынчтангылачы". Украина кимдин барымтасында калды