Сүйлөшүүлөр алдыда дагы уланарын белгилейт Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (РФ Тышкы иштер министрлигинин алдындагы) Эл аралык изилдөөлөр борборунун илимий улук кызматкери, "Эл аралык аналитика" журналынын башкы редактору Сергей Маркедонов. Анын ушул жагдайдан кеп учугун улаган макаласын жарыялап турабыз.
Быйылкы январдын аягы Россиянын жана жамааттык Батыштын ортосундагы интенсивдүү сүйлөшүүлөр менен эсте калчудай. АКШ, Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин дипломаттары жана НАТОдогу жогорку аткаминерлер Москванын коопсуздук жаатындагы кепилдиктери боюнча демилгелерине карата чогуу чара көрүү далалатында.
Ушул тапта топ жарган бир чечимге ишарат да байкалбайт. Кошмо Штаттар жана алардын союздаштарынан саясий спикерлер биринин аркасынан бири НАТО үчүн "ачык каалгалар саясатынан" кеп козгоп, Россия – Альянска мүчө болбогон өлкө анын кеңейишине юридикалык жактан вето коё албай турганын айтышууда.
Россия тарап аскердик блок табияты боюнча "демократия бирикмеси" боло албай турганын белгилөөдө. Тигил же бул мамлекеттин интеграцияланган бирикмеге кирүү укугу абсолюттук боло албайт. Кеминде эле ал тигил же бул себептер менен аскердик альянска кошула албаган же мүчө болгусу келбеген оюнчулардын да кызыкчылыгын эске алууга тийиш. Антпесе коопсуздуктун кебелбестиги сымал фундаменталдык принцип бузулат. Иш жүзүндө башкалар үчүн оюн эрежелерин аныктаган артыкча укуктуу катышуучулардын клубу түзүлөт.
Негизги позициялардын таптакыр дал келбестигине карабай Россия да, Батыш да сүйлөшүүлөрдөн чыккысы жок. Москвадагылар коопсуздук кепилдиктери боюнча демилгесине жазуу түрүндөгү жооп күтүүдө. Мында Россия Тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен мындан аркы да консультациялар үчүн Түндүк атлантикалык альянска мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин келиши да күтүлөт.
Татаал коңшулук
Ушул жолугушуу, сүйлөшүү, комментарий жана билдирүүлөрдө европалык күн тартибинин маанилүү артыкчылыгы постсоветтик мейкиндиктеги кырдаал бойдон калууда. Бир жагынан АКШ жана алардын союздаштары мында кандайдыр дипломатиялык "чектөө" коюп, тематиканы Украинага жана "Россиянын кол салуу коркунучуна" чейин тарытууга тырышууда.
Мотиви түшүнүктүү, өздөрү озуп аракет этүүнүн ордуна сөздү европалык коопсуздуктун жалпы көйгөйлөрү жана принциптеринен өзүнчө бир атаандашка буруп, коргонуу абалына өтүп, актанып, чара көрүү.
Анткен менен Россия үчүн жакынкы чет өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоо жөнүндөгү маселе – маанилүү баштапкы позиция. Ансыз Москваны эмне тынчсыздантарын дароо жана толук айтуу кыйын. Анан калса НАТО менен алакада системалуу үч кризистин экөө дал постсоветтик күн тартибинен улам келип чыккан. Биринчиси – 1999-жылдын март-июнь айындагы мурдагы Югославиядагы НАТОлук интервенцияга, ал эми экинчиси Грузиядагы "беш күндүк согуш", ал эми үчүнчүсү украиналык каатчылыктын башталышы жана Крымдын россиялык юрисдикциясына бекитилишине байланыштуу. СССРдин ыдырашында көп процесстердин орток экенин эске алганда жалпы европалык коопсуздук менен постсоветтик күн тартибинин байланышынын мааниси ого бетер артат.
Кансыз согуш туу чокусуна жетип турган маалда АКШ президенти Рональд Рейган: "Эгер биз өзүбүздү коргой албасак [Борбордук Америкада], анда башка жерлерде жеңишке жетүүгө үмүт артып болбойт. Аброюбуз түшүп, союздарыбыз кыйрап, мекенибиздин коопсуздугу коркунучка кептелмек", – деген.
Ар бир өлкөгө анын коңшулугу өзгөчө кызыктырган зона болуп саналат. 2021-2022-жылдары Батышта "таасир этүү" жана "ревизионизмге" айыпталган Россия чындап эле бөтөнчө бир нерсени сунуштап турган жери жок. Эгер Рейгандын ошондогу айткандарын азыркы кырдаалга жараша талдасак, Кипр жана Сириядагы түркиялык таасирден Режеп Тайип Эрдоган айтса, Индиянын Шри-Ланка же Мальдивдердеги таасиринен Нарендра Моди кеп салмак.
НАТОнун мурдагы советтик өлкөлөр аймагына келишинин кандай кооптуулугу бар? Кеп Альянстын кеңейишинде эмес. Маселенин баары анын татаал курамдык мамлекеттерде бекем орун алууга тырышканында. Атап айтканда көп этностук калкы гана эмес, улуттук өздүгүнүн калыптанышы аяктай элек, эл аралык ишмердик жүргүзүүдө тажрыйбасы аз жана өз өлкөсүнүн тышкы саясий келечегин бир өңчөй баалай албаган республикаларга басым жасайт.
НАТОго кирүү үчүн "ачык каалга саясатын" кубаттагандардын арасында Грузия, Молдова жана Украинанын территориялык бүтүндүгүн толук калыптандыруунун зарылдыгы тууралуу көз караш басымдуулук кылат. Бирок бул ыкманы кабыл алган күндө да кийинки кадамга барып, пикирлердин эки ача экендигин эске алуу абзел.
Абхазия, Түштүк Осетия, Крым жана тааныла элек Приднестровье, Донбасс, Луганск эл республикалары өз коопсуздугунун гаранты катары Вашингтон менен Брюсселди эмес, Москваны эсептешет. Андай жагдай жакпай, кыжырларын кайнатышы ыктымал, бирок алар менен эсептешпей коюу мүмкүн эмес.
Киевдеги Социология эл аралык институтунун маалыматына таянсак, 2021-жылдын декабрындагы сурамжылоолордо Украинанын НАТОго киришине 59,2%ы макул, 28,1%ы каршылыгын билдиришкен. Бирок изилдөө Донбасстын таанылбаган республикаларынын территорияларында эмес, өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Өлкөнүн батышында жана чордонунда НАТОлук интеграцияны колдогондор арбын, ал эми чыгышында республиканын Түндүк атлантикалык альянсты кыртышы сүйбөгөндөр көптүк кылат.
Өз чек араларына НАТОнун жакындап келгенине тынчсызданган Россия гана тургай, ага коңшу өлкөлөрдөгү элдердин ар кыл тобу ооздуктоо жана түндүк атлантикалык умтулууларды чектеп жана тең ата салмактын болушуна кызыкдар. Ички эки ача пикирлер геосаясий атаандаштык фактору, ошондой эле бийлик үчүн күрөштө тышкы оюнчулардын тирешин колдонуу аракеттери менен да толукталат. Постсоветтик мейкиндиктин коопсуздугун бирдиктүү түндүк атлантикалык калыпка салуу аракети жаңжалды басаңдаткандын ордуна ырбатат. Өз кезегинде мурдагы СССР республикаларынан толук кандуу жаңы бир мамлекетке айланууну татаалдаштырат.
Татаал искусство
Альтернативдерин талкуулоо жана сунуштоо өтө маанилүү. Алар грузин, молдовалык жана украиндик саясий нарративдерде жок дегенге болбойт. Баарынан Молдовада жеңил, Негизги мыйзам деңгээлинде өлкө бейтарап деп жарыяланат. Декларациядан эл аралык укукка (имплементацияга) чейинки аралык дайым эле жакын боло бербейт. Бул учурда Приднестровьеде жаңжалды ар тараптуу жөнгө салуу болбосо ошол аралыкты кыскартуу машакатка салат. Айтмакчы, россиялык кызыкчылыктар да аталган аймакта эске алынышы абзел.
Бирок 2008-жылдын январында НАТОго мүчөлүк боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүп, колдоо тапкан Грузияда да нейтралитет талкууланууда. 2019-жылдын күзүндө "Патриоттор альянсы" партиясы (ошол тушта парламентте депутаттардын саны боюнча үчүнчү орундагы) жеке сурамжылоосун жүргүзгөн. Респонденттердин 64%ы бул демилгени кубаттаган. Бүгүнкү күндө аталган саясий күчтүн салмагы төмөндөп кеткен. Болочокто ошондогудай көрсөткүчтөргө кайра жетише алары арсар, анан да ал сурамжылоо юридикалык милдеттеги мүнөзгө ээ болгон эмес. Ошентсе да 2008-жылдагы окуялардан кийин да ушул демилгеге кайтып калышат.
Азчылыкта болсо да грузиялык саясатчылар түндүктөгү коңшулар менен алаканы жөнгө салуу механизмдеринин, ошондой эле натоцентризмге (Абхазия менен Түштүк Осетиянын таанылышын алдын алуунун ордуна ал процессти тездеткен) тышкы саясий альтернативаларды да байкап көрүүгө тырышат.
Украинанын блоктон тышкаркы макамы бул өлкөнүн тышкы саясий талкууларында да бар. Ага 2019-жылы президенттик шайлоодо 11,68 добуш менен төртүнчү орунду ээлеген Юрий Бойко да кайрылган. Аталган өлкөдө 10-15 пайыз гана эмес, жарандардын көпчүлүгү ушундай тыянакка келишсе да эл аралык аренадагы негизги оюнчулар ортосундагы консенсус орнобосо, нейтралитет – демилге эмес, тажрыйба катары көйгөйлүү болот.
Ушул тапта көпчүлүк Австрия, Швейцария же Финляндиянын ийгиликтүү тажрыйбасын мисалга келтиришет. Швейцариялык изилдөөчү Оливье Мёвли: "нейтралитет өлкөбүздүн тигил же бул жаңжалга аралашууга жол бербеген фактор гана тургай, башкаларга "кайрымдуу кызматтарын" көрсөтүү – ортомчулук жана арбитраж болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду", - дейт. Айтмакчы, дипломатиялык алакалар жок шарттарда
Грузия менен Россиянын ортосунда баарлашууну камсыздаган дал Швейцария болгон.
Швейцариялык дипломаттар Грузия тараптын дооматтарын артка кайтарууга макулдашып, РФтин Дүйнөлүк соода уюмуна кириши боюнча сүйлөшүүлөрдө да маанилүү роль ойногон. Ошентсе да Швейцариянын бейтараптуулугу Вена конгрессинин жана "европалык концерт" системасын түзүүнүн жыйынтыгы болгон.
Ал эми 1955-жылы катталган австриялык нейтралитет СССР жана АКШ, Ялта-Потсдам дүйнөсүнүн эки уюлу тараптын принципиалдуу макулдугусуз арсар эле.
Даниядан чыккан белгилүү эл аралык саясат таануучу Ханс Моуриттцен чуулгандуу "Финляндизациянын" татаал искусствосу" макаласында Экинчи дүйнөлүк согуштун аягында Хельсинки тандаган жол – чакан өлкөлөр үчүн актуалдуу болгон прагматикалык курс экенин белгилейт. Азыр Австрияда да, Финляндияда да НАТОго кошулуу зарылдыгы жана мүмкүндүгү боюнча талаш-тартыш болуп келет. Эки мамлекет тең Европа биримдигине кирди.
Нейтралитет айрым саясатчы жана эксперттер тарабынан бүгүнкү Украина жана Грузия үчүн ылайыксыз капитулянттык курс катары каралат. Айтор, нейтралитет – баарына дабаа боло албайт. Бирок ички жана эл аралык факторлордун татаал айкалышы ар бир өлкө жана аймак үчүн жекече мүнөздө. Австриялык адис Александр Дубови сыпаттагандай, бул – максат да, "мамлекеттик стратегияны айырбаштоо" да эмес. Анын айтымында, нейтралитет жөнүндөгү дискуссия "мамлекеттүүлүктүн келечегин, жарым этникалык коомчулуктардын улуттук кызыкчылыктарын, чөлкөмдө аталган өлкөлөрдүн жана алардын алакаларынын ролу жөнүндө талкуулоолорго катализатор катары кызмат кыла алат".
Башкысы, ушундай ойлор кезектеги куру кеп катары калбай, маңыздуу сюжеттердин тегерегинде жүрсө болду.