БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын 60 пайызына электр жарыгы берилди. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
Ал өлкөнүн түштүк аймагы электр жарыгы менен толук камсыз болгонун белгиледи.
"Электр энергиясы акырындык менен бардык жакка берилип жатат. Азыр өлкөнүн 60 пайызы камсыз болду. Учурда энергетиктер тыным албай иштеп жатат. Кечке чейин өлкөнүн бардык аймагында жарык күйүп калат", — деди министр.
Мындан тышкары, ал ТЭЦте жылуулук берүү иштери түнгө чейин калыбына келип каларын кошумчалады.
Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчкөн. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактары электр кубатысыз калганы айтылды.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.