Казакстанда электр энергиясы калыбына келтирилди

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Алматы шаарына толугу менен электр энергиясы берилип, Казакстандын башка аймактарында дагы кезек-кезеги менен жарык күйгүзүлө баштады. Бул тууралуу KEGOC компаниясына шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.
"Жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:39да "Түдүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан" транзиттик линиясына электр энергиясы берилди. Алматы энергетикалык түйүнү толугу менен иштей баштады", — деп айтылат кабарда.
Бишкектин дагы айрым райондоруна электр жарыгы бериле баштады. Бул тууралуу шаар тургундары "Бишкек сегодня" Telegram каналына жазышууда.
Бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын айрым аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылган.
Ушул тапта үч өлкөнүн тең энергетиктери жарык берүүнү акырындык менен калыбына келтирүүдө.
Учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Улуттук ишкана: Кыргызстандын бир дагы электр станциясында авария болгон жок