Бишкектин тургундары электр жарыгы бериле баштаганын айтты

Электр жарыгы Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия боюнча өчкөнү айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунун тургундары электр жарыгы берилгенин кабарлашты.
Калаанын ар кайсы бөлүгүндө жашагандар жарык күйгөнүн "Бишкек сегодня" Telegram каналына жазышууда.
Ордо калаанын көчөлөрүндө жол чырактар да иштеп баштаганы айтылды.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 11:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймагында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.
Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.
Улуттук ишкана: Кыргызстандын бир дагы электр станциясында авария болгон жок