БШК Орозайым Нарматованын мандатын Айгүл Айдаровага өткөрүп берди

Өткөн жумада Нарматова диплом чырына байланыштуу депутаттык укуктарынан ажыратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Айгүл Айдарова Жогорку Кеңештин депутаты болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Ага диплом чырынан улам кызматтан кеткен Орозайым Нарматованын мандаты өткөрүп берилген. Айдарова шайлоодо 548 добушка (партия ичинде 0.60 пайыз) ээ болгон. Ал партиядагы алган добушу боюнча Нарматовадан кийинки сапта турган.
Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгектенчү.
Белгилей кетсек, 20-январда БШК Орозайым Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутатын мандатынан ажыратты. УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.
Орозайым Нарматова: БШКнын чечимине даттангым келген жок, сотко да ишенбейм