Бишкекте иликтөөчү журналистти милиция кеңсесине келип кармап кетти. Видео

Укук коргоочулар тергөө амалдарынан кийин журналистти микроавтобуска салып кетишти. ИИМ расмий маалымат бере элек.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кетти. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына Айпери Адылбек кызы аттуу жарандан журналистке каршы арыз түшкөн. Анын негизинде ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү кеңседе тинтүү жүргүзгөн.
1 / 4

Бишкекте иликтөөчү журналист Болот Темировдун кеңсесине милиция кызматкерлери келип кармап кетти

2 / 4

Алдын ала маалыматтарга караганда, укук коргоо органдарына Айпери Адылбек кызы аттуу жарандан журналистке каршы арыз түшкөн

3 / 4

Анын негизинде ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү кеңседе тинтүү жүргүзгөн

4 / 4

Жерине активисттер менен журналисттер топтолуп, кеңсенин ичинде эмне болуп жатканы аларга белгисиз экенин айтышты

Жерине активисттер менен журналисттер топтолуп, кеңсенин ичинде эмне болуп жатканы аларга белгисиз экенин айтышты.
Темировдун кесиптештеринин айтымында, журналист баңгизатын сактоого шектелип жатат.
Укук коргоочулар тергөө амалдарынан кийин журналистти микроавтобуска салып кеткен. ИИМ бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Орозайым Нарматова: БШКнын чечимине даттангым келген жок, сотко да ишенбейм