Президент Жапаров Баткенге көрсөтүлө турган колдоо боюнча маалымат алды

Өкмөттүн токтомуна ылайык, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жапаровго "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-январда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевди кабыл алды

2 / 2

Жапаровго "Баткен облусунун статусу жөнүндө" мыйзамдын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди

Арзыбек Кожошев маалымдагандай, өкмөттүн токтомуна ылайык, 62 преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштардын тизмеси бекитилди жана аларды төмөнкү салыктардан бошотуу аныкталды:
киреше салыгынын ставкасын 10 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүү;
пайда салыгынан толук бошотуу;
сатуудан алынуучу салыктан бошотуу.
Мындан сырткары, тийиштүү мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, Баткен облусуна 1 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестицияларга, аймактагы тоо-кен тармагына 10 миллион долларлык инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берилет. Аны менен бирге, мамлекет инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү болот.
Баткен облусунда калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жеңилдетилген негизде көрсөтүүнүн өзгөчө режими киргизилди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардан: ооруканаларда 50 пайыз арзандатуу менен дарылоо, лабораториялык изилдөөлөргө 50 пайыз арзандатуу, Ички иштер министрлиги тарабынан соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү. Бардыгы болуп жети мамлекеттик кызматка жеңилдетүүлөр көрсөтүлөт. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 25,0 миллион сом каралат", — деди Кожошев.

Министрлер кабинети тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсияны 2000 сомго жогорулатуу, жөлөк пулдарды эки эсеге көбөйтүү, аталган 62 айылдагы үй-бүлөлөргө электроэнергияны 50 пайыздык жеңилдик менен берүү, социалдык тармактын кызматкерлеринин (дарыгерлер, мугалимдер, күч түзүмдөрү) айлыгын көбөйтүү сунушталды.
Ал эми Жапаров айтылган сунуштарды колдоого алды. Мамлекет башчысы кыска убакыт аралыгында тийиштүү нормативдик-укуктук процедураларды соңуна чыгарып, аталган сунуштарды 2022-жылдын 1-мартынан тартып ишке ашырууну тапшырды.
Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү көбөйдү. Канчага?