Диплом чыры: БШК Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыратты

УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат берген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратты.
БШК Нарматованын жогорку билими тууралуу диплому жасалмаланган деп тапты.
Жыйында УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү маалымат берген.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Нарматованын өкүлүнө чечимге макул болбосо, сотко кайрылууга укуктуу экенин эскертти.
Жыйында УКМКнын өкүлү 19-январь күнү Жалал-Абад облустук мамлекеттик университетинин ректору Нарматованын дипломун артка чакыртуу буйругун чыгарганын билдирди.
“Азыркы учурда Орозайым Нарматова жогорку билими тууралуу дипломго ээ эмес”, — деди УКМКнын өкүлү.
Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Нарматова орто билимди бухгалтердик эсеп адистиги менен бүтүп, бирок жогорку билим алуу үчүн журналистика адистигине тапшырганын айтты. Бул мыйзамга каршы келерин белгилейт.
Ал эми 9-10-семестрди экзаменге катышпай эле жакшы баалар менен бүткөнү аныкталганын билдирди. Натыйжада университеттин жетекчилиги Орозайым Нарматова окуу планын толук аткарбады деп эсептөө менен 2017-жылы берилген дипломун жокко чыгарган.
Депутат Орозайым Нарматова дипломго байланыштуу иш боюнча үн катты