Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Европа парламенти казак аткаминерлерине каршы санкция киргизүүнү сунуштады

Депутаттар ЕБ менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасап, Казакстандын элинин укугу бузулушу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Европа парламентинин депутаттары Казакстандагы башаламандык учурунда адам укуктарынын бузулушу боюнча жергиликтүү аткаминерлерге карата санкция кабыл алууну сунуштап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Долбоор бейшемби күнү Страсбург шаарында өтө турган пленардык сессияда каралмакчы. Европа парламентинин резолюциясы сунуш катары гана берилет. Анткен менен бардык европалык мамлекеттер кайсы бир чечим кабыл алууда документти эске алат.
"Парламент Европа биримдигине Казакстандагы башаламандык учурунда адам укугуна байланыштуу чоң каталар кетирилгенине байланыштуу ага жоопкер аткаминерлерге карата жеке санкцияларды кабыл алууну сунуштап жатат", — деп жазылат документте.
Ошондой эле депутаттар ЕБ менен дүйнөлүк коомчулукка кайрылуу жасап, Казакстандын элинин укугу бузулушу боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүүнү өтүнүп жатат.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев казак элитасы тирешип жатат деген кептерге жооп кайтарды
Мындан тышкары, европарламенттин өкүлдөрү Казакстандын бийлигин "митингге катышкан укук коргоочулардын, активисттердин артынан саясий куугунтук кылууну токтотууга жана негизсиз кармалып, абакта отургандарды бошотууга" үндөөдө.
Жыл жаңырары менен Казакстандын батышында газдын кымбатташына байланыштуу митинг өтүп, ал кийинки күндөрү башка жактарда уланып массалык башаламандыкка айланып кеткен. Президент Касым-Жомарт Токаев мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган. Келишимдин алкагында Кыргызстандан 150 аскер барып келди.
Казакстандын бийлиги башаламандыкта өлкө боюнча жалпы жонунан 225 киши каза болгонун жарыялады. Ошондой эле башаламандыкка байланыштуу 695 кылмыш иши козголгону айтылды.
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары