БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Алматыда табылган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алынып келе жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жакындары билдирди.
Алардын айтымында, Сыдыков түз эле ооруканага жеткирилет.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирүү тарап, кийин ТИМ анын Алматыдагы ооруканадан табылганын билдирген.
Буга чейин Сыдыковдун санаалашы Айгүл Сартбаева анын Алматыда эмерек чогултуп иштээрин айткан. 8-январда каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Сартбаева досунун Казакстандагы башаламандыкка катышпаганын айтып, күбөлөр бар экенине ишендирген. ТИМ бул маалыматты текшергени айтылды.
Сыдыковдун тура албай жаткан видеосу интернетке тарап, анда мекендеш сабалганын айткан.
ТИМ Сыдыковдун Кыргызстанга алынып келе жаткандыгы тууралуу кийинчерээк маалымат бере турганын билдирди.