Алматыда сабалган Сыдыков. Акыйкатчы Стамбул протоколун түзүүнү сурады

Ур-токмокко алынган мекендешти учурда Бишкекке алып келе жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Акыйкатчы институту Алматыда кармалып сабалган Чолпонбек Сыдыковго Стамбул протоколу боюнча медициналык экспертиза жүргүзүүнү сурады.
Акыйкатчынын офиси мындай өтүнүч менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге кат жолдогон. Анда кыргызстандыктын Алматыдагы башаламандыктан кийин Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, ур-токмокко алынганы айтылат.
Стамбул протоколу

Адамдарды кыйноо жана жазалоонун мыкаачылык, адамгерчиликсиз жолун колдонуу, ар-намысын тебелөө фактылары катталган учурда медициналык кароодон өткөрүп, аны документтештирүү.

Акыйкатчы экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин маалымат берүүнү сурады.
Эске салсак, социалдык тармакта 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыковдун кармалгандыгы тууралуу билдирүү тарап, кийин ТИМ анын Алматыдагы ооруканадан табылганын билдирген. 19-январда Сыдыковдун тура албай жаткан видеосу интернетке тарап, анда мекендеш абакта отурганда сабалганын айткан. Мунун кесепетинен анын буту сынган.
Учурда аны Бишкекке алып келе жатышат. Тышкы иштер министрлиги Чолпонбек Сыдыковду сабагандарды жоопкерчиликке тартуу жана окуяны териштирүү боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Жалган сүйлөсөң Бишкекке жөнөтөбүз дешти. Рузахунов окуянын чоо-жайын айтты