Үндү катуу чыгарбаңыз! Кар көчкү тууралуу ӨКМдин видеоинфографикасы

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү кооптуулугуна байланыштуу видеоинфографика менен эскертүү берди.
Sputnik
ӨКМ белгилегендей, кар көчкү коркунучу октябрдан апрель айына чейин сакталат.
Министрлик эмнелерди эске алуу керектигин айтты:
аба ырайына көңүл буруңуздар. ӨКМ тараткан аба ырайынын божомолдорун карап туруңуздар;
унаа жолдорунун абалына көңүл буруңуздар;
автоунаалардын аралыгы 500 метр болушу керек;
унааларга кышкы дөңгөлөктөр тагылышы шарт;
жаныңызда дайыма ысык чай куюлган термос, күрөк, чынжыр болушу керек;
кар көчкү түшүү кооптуулугу бар жерде жана табигый кырсыктын бул түрү болуп жатканда катуу добуш чыгарбаңыз;
кар көчкү басып калса дүрбөлөңгө түшүп, кыйкырбаңыз. Ал токтогондон кийин бет маңдай менен көкүрөк тушту тазалап, бошотуңуз. Бул дем алганга жардам берет;
Кар көчкү болсо 112 кызматына, Тез жардамга, жакындарыңызга чалып же болбосо аймактык администрацияларга байланышуу керек.
Тема боюнча:
Үшүк алганда ысык нерсе басууга же ысык ичүүгө болбойт. Пайдалуу маек
Суукка кабылганда дароо ысык ичип, жуунбагыла! ӨКМдин кеңеши