Шаршембиге карата аба ырайы

19-январда өлкө аймагында күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңуп, тайгак болуп, кар күрткү түшүшү ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Шаршемби, 19-январда, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +1...+6, Талас жергесинде -2...+3 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +3...+5 жана Ош калаасында +4...+6 градуска жетет.
Кайсы аймактарга кар жаайт? Алдыдагы аптага аба ырайы