Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Назарбаев казак элитасы тирешип жатат деген кептерге жооп кайтарды

Елбасы өлкөнүн учурдагы башчысы бийликти толук колуна алганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жакынкы аралыкта өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев Nur Otan партиясынын төрагасы болуп шайланат. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев элине кайрылуу жасап жатып айтты.
Ал ошондой эле учурда бийлик толук Токаевдин колунда экенин белгилеген.
"Президент Касым-Жомарт Токаев бийликти толук колуна алды. Ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы болду. Жакынкы аралыкта Nur Otan партиясынын төрагасы болуп шайланат. Мындан улам элитада эч кандай пикир келишпестик же тирешүү жок. Бул тема боюнча тараган кептер ушак", — деди Назарбаев.
Елбасынын толук видео кайрылуусун көрүүгө болот.
Коңшу мамлекеттеги чыр-чатак 2022-жыл жаңырары менен газдын кымбаттап кетишинен улам башталган. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыккан. Башаламандыктан дүкөндөр тонолуп, мамлекеттик мекемелер өрттөлүп, миңдеген адам жабыркап, 200дөн ашык адам көз жумганы айтылган. Казакстандагы башаламандыктан улам айрым ЖМКлар Нурсултан Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин жазып чыгышкан. Экс-президент эч жакка кетпегенин билдирди.
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев: Токаев сунуштаган программаны колдош керек