Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Нурсултан Назарбаев кайрылуу жасап, учурда кайда экенин айтты

Елбасы бийлик толугу менен Касым-Жомарт Токаевдин колунда экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Эч кайда кеткен жокмун. Учурда Казакстандын борборунда ардактуу эс алуудамын. Бул тууралуу Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев видео кайрылуусунда билдиргенин Sputnik Казакстан жазды.

"Менин дарегиме карата айтылган бир нече кайрылуулардан жана ЖМКларга жарыяланган маалыматтардан улам 2019-жылы президенттин ыйгарым укугун Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенимди жана ошол убакыттан бери пенсионер экенимди айтып коёюн. Азыр Казакстандын борборунда ардактуу эс алуудамын. Эч кайда кеткен жокмун", — деген Назарбаев.

Ал бийлик толугу менен Касым-Жомарт Токаевдин колунда экенин белгилеген.
"Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы. Жакында президент Nur Otan партиясынын төрагасы болуп тандалат. Ошол себептен элитада эч кандай тиреш, чыр-чатак болбогонун айтып өтөйүн. Бул теманын айланасындагы ушактар негизсиз", — деген Елбасы.
Казакстандагы башаламандыктан улам айрым ЖМКлар Нурсултан Назарбаевдин өлкөдөн чыгып кеткенин жазып чыгышкан. Коңшу мамлекеттеги чыр-чатак 2022-жыл жаңырары менен газдын кымбаттап кетишинен улам башталган. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыккан. Башаламандыктан дүкөндөр тонолуп, мамлекеттик мекемелер өрттөлүп, миңдеген адам жабыркап, 200дөн ашык адам көз жумганы айтылган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаев акыркы окуялардан кийин алгачкы жолу үн катты. Видео
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары