Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды

Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) ведомствонун жетекчисинин биринчи орун басары Самат Абиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Тиешелүү буйрукка Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
43 жаштагы Самат Абиш Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Сатыбалды Назарбаевдин баласы. Абиш 2015-жылдан бери УКК төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Генерал-лейтенант наамы бар. Казакстандагы массалык башаламандыктан улам 6-январда мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча УККнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалган.
Мындан сырткары, буга чейин Нурсултан Назарбаевдин эки күйөө баласы ээлеген кызматынан бошотулган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин кызы Казакстандагы окуялар боюнча үн катты
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаевдин дагы бир күйөө баласы Тимур Кулибаев кызматынан кетти