Өмүрдү узартуунун жөнөкөй ыкмасы айтылды

Илимпоздор зайтун майынын өзгөчөлүгүн белгилеп, майонез, маргаринден баш тартууга чакырышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Эгер адам тамактануу рационунан майонез менен маргаринди зайтун майына алмаштырса, өмүрү узарышы ыктымал. Бул тууралуу Гарвард медициналык факультетинин окумуштуулары билдиргенин РИА Новости жазды.
Илимпоздор өз каалоосу менен 90 миң адамдын маалыматын изилдеп көрүшкөн. Жыйынтыгында 10 грамм маргарин же майонезди ушундай эле грамм зайтун майы менен алмаштыруу бир топ ооруну чакырган өлүм тобокелчилигин азайтышы ыктымал экени аныкталган.
"Зайтун майын көбүрөөк колдонуу жүрөк-кан тамыр ооруларына жеткирчү өлүм тобокелчилигин 19 пайызга, ракты 17 пайызга, нерв ооруларын 29 пайызга, респиратордук ооруларды 18 пайызга азайтышы мүмкүн", — деген окумуштуулар.
Адистер зайтун майы көбүнчө Түштүк Европа менен Жер Ортолук деңизде көп колдонуларын белгилешкен.
Ачка жатпаш керек. Диетолог уйку алдындагы тамактануу тууралуу
Холестериндин деңгээлин дары-дармеги жок азайтуунун жөнөкөй жолу айтылды