Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары

Борбор Азия президенттери үчүн өздөрүнүн уул-кыздарын жогорку кызматтарга дайындап, жанына жакын кармоо анча өөн көрүнүш эмес. Майлуу-сүттүү кызматтардан күйөө балдар дагы куру калбаган мисалдар көп.
Sputnik
Казакстандагы массалык нааразычылык акцияларынан кийин Нурсултан Назарбаевдин мезгилинен бери иштеп келе жаткан бир топ аткаминерлер кызматтан бошотулду. Алардын арасында Елбасынын үч күйөө баласы тең бар.
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев
Өткөн жумада Назарбаевдин тун кызы Дариганын жолдошу Кайрат Шарипбаев QazaqGaz улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагалыгынан, кенже күйөө баласы Димаш Досанов "КазТрансОйл" ишканасынын башкы директорлугунан четтетилди. Ал эми бул аптанын башында ортончу кызы Динаранын жолдошу, белгилүү бизнесмен Тимур Кулибаев "Ата мекен" ишкерлердин улуттук палатасынын төрагалыгынан кетти. Ал бул кызматты 2010-жылдан бери аркалап келе жаткан.
1 / 3

Кайрат Шарипбаев

2 / 3

Димаш Досанов

3 / 3

Тимур Кулибаев

Мындан улам Борбор Азия мамлекеттеринин азыркы президенттеринин күйөө балдары кайсы кызматты аркалап, эмне иш кыларына кызыгып көрдүк.

Жапаров менен Токаевдин күйөө баласы жок

Казакстандын ушул таптагы президенти Касым-Жомарт Токаевдин кыздары жок, уулу гана бар. Ал эми Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров күйөө балалуу боло элек. Төрт уулдун арасындагы жалгыз кызы Жанайым азырынча турмушка чыга элек. Учурда студент.
Кыргызстан президенти Садыр Жапаров жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев

Рахмондун күйөө балдары элчи, банкир, ишкер...

Кесиптештеринин ичинен күйөө балага өтө байы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. Анын жети кызы бар.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тун кызы Фируза тажик темир жолунун мурдагы жетекчисине келин болгон. Болгону Хокумовдун уулу боюнча маалымат жокко эсе, ысымы, кесиби эч бир жерде айтылбайт.
Тажикстан Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары, 45 жашар Жамолиддин Нуралиев президенттин экинчи кызы Озодага үйлөнгөн. Озода өзү Тажикстандын президентинин, тагыраагы, өз атасынын аппаратын жетектейт. Жубайлар беш баланы тарбиялайт. Нуралиев мурдараак Улуттук банкта экономист болуп иштеген, кийин МВФ жана Дүйнөлүк банкта эмгектенип, андан соң каржы министринин биринчи орун басарлыгын аркалаган.
Жамолиддин Нуралиев
Президенттин үчүнчү кызы Рухшона Рахмон өткөн жылдын декабрь айында Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалды. Анын жолдошу — Шамсулло Сохибов. ЖМКдагы маалыматтарга таянсак, анын "Фароз" деп аталган көп профилдүү ири компанияга тиешеси бар. Бул компаниянын транспорт, курулуш, соода, металлургия, туризм, саламаттык сактоо, мейманкана бизнеси, банк, жалпыга маалымдоо каражаттары сыяктуу тармактарда ондогон ишканалары бар экени айтылат.
Бешинчи кызы Парвина мурдагы энергетика жана өнөр жай министри Шерали Гуловдун уулу Ашрафка турмушка чыккан. Азыр бул күйөө баласы Тажикстандын Түркиядагы элчиси.
Алтынчы кызы Зарина Тажикстандын биринчи каналында диктор болгон, кийин "Ориенбанк" ААКнын башкаруу тобунун төрагасынын орун басары кызматын аркалаган. Бир нече жыл илгери ал Байланыш кызматынын башчысы Бег Зухуров-Сиевуштун уулуна турмушка чыккан. Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, ал бокс менен машыгып, эл аралык мелдештерге катышып жүргөн. Рахмондун калган эки кызы, алардын үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтар жокко эсе.

Бердымухамедовдун “сырдуу” күйөө балдары

Түркмөнстанды 2006-жылдан бери жетектеп келе жаткан Гурбангулы Бердымухамедовдун айрым булактарда эки кызы бар делсе, башкаларында үч кызы бар экени айтылат. Кандай болгон күндө дагы алардын өмүрлүк жарлары тууралуу ачык маалыматтар жокко эсе.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Бир топ жыл мурда тун кызы Гүлжахон Түркмөнстандын көмүр кычкыл ресурстарын тескөө жана пайдалануу мамлекеттик агенттигинин Улуу Британиядагы өкүлү болгон жолдошу Иласгелди Аманов менен Лондондо турары айтылган. Андан кийинки кызы Гүлшан Атабаева жолдошу Давлет менен Парижде жашай турганы ачык булактарда жазылган.

Шавкат Мирзиёев

Өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жубайы Зироатхон Хошимова эки кызын тең турмушка узаткан. Тун кызы Саида коомдук жашоого активдүү катышат. Анын жолдошу Ойбек Турсунов президенттик аппараттын иш башкармалыгында эмгектенери белгилүү. Ошондой эле акыркы жылдары жергиликтүү ЖМКлар ал ири банктын акцияларын сатып алгандыгы тууралуу жазып жүрүшөт.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен
Отабек Шаханов Мирзиёевдин экинчи кызы Шахнозаны алган. 2017-жылы ал өз кайнатасынын — президенттик күзөт башкармалыгынын жетекчисинин орун басарлыгына дайындалган.
Президенттер бош кезде эмне кылат? КМШ ажолорунун хоббиси
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев Назарбаевдин иниси Самат Абишти кызматтан алды