БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Түндө тамактанбаш керек, бирок ачка уктаган да болбойт. Кечинде туура тамактануунун жолу тууралуу Sputnik радиосуна медицина илимдеринин доктору, дарыгер-диетолог Михаил Гинзбург айтып берди.
Жатарда тоё тамактанып алсаңыз сиңире албай кыйналарыңыз белгилүү. Бирок такыр эле ачка жатсаңыз, эртең менен курсак ачып көп жеп алышыңыз мүмкүн.
"Күн башталбай жатып ашыкча тамактанып алса кечке чейин эч нерсе кылгың келбей, жалкооң кармайт", — деген Гинзбург.
Дарыгер азыр көбү кечки алтыдан кийин оозду тыйыш керек деген пикирди карманып алганын айтат.
"Курсакты алдай албайсың. Адам ачка жата албайт, уктаса да кыйналат. Түн ичинде ойгонуп тамак ичкендер да ошондон. Андыктан кыйналбагыдай бир нерсе жеп же уйкуга бир нече убакыт калганда тамактануу керек. Бирок суу менен ашказанды алаксыткан болбойт", — деген диетолог.
Буга чейин адистер күзүндө жана кышында эмнеге адамдар чарчап, уйкусурап жана маанайы түшө берерин айтып берген.