Бишкек мэриясы БГУ менен Политехтин тосмолорун алып салды

Муниципалитет мындай кадамга эмне себептен барганын түшүндүрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Бишкек гуманитардык университетинин тосмолору алынды. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 2

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Бишкек гуманитардык университетинин тосмолору алынды

2 / 2

Металл тосмолор окуу жайдын бардык жагынан алып салынган

Металл тосмолор окуу жайдын бардык жагынан алып салынган.
"Мындай иштер "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын кайрылуусунун негизинде аткарылды. Ошондой эле шаардын эстетикалык көрүнүшү боюнча стратегиялык бирдиктүү саясатты ишке ашыруу максаты көздөлдү", — деп айтылат маалыматта.
Өткөн жылдын февраль айында Бишкек шаардык кеңеши Жогорку Кеңешти мисал келтирип, башка имараттардын дагы тосмолорун алып салууну сунуштаган.
Бишкек мэриясы өз ишинин кемчиликтерин атап, чечүү жолдорун да сунуштады