Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстанга чыккынчылык кылды деген Карим Масимовго карата тергөө башталды

Атайын кызматтын мурдагы башчысына карата мамлекеттик чыккынчылык фактысынан тышкары дагы эки иш боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети атайын кызматтын мурдагы башчысы Карим Масимовго карата мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча тергөө ишин жүргүзүп баштады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Бул иштин алкагында бийликти күч менен басып алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдөгү башаламандыктардан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Карим Масимов кызматтан алынып, көп өтпөй кармалган. Ал мамлекетке чыккынчылык кылды деп шектелүүдө. Комитет төрагасынын орун басарлары Марат Осипов менен Даулет Ергожин да ээлеген ордунан бошотулган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев башаламандык учурунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) бир катар жетекчилери өз милдеттерин так аткарбай качып кеткенин айтып, сындаган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстанга чыккынчылык кылды деген Масимов тууралуу эмне белгилүү
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Нурсултан Назарбаевдин кызы Казакстандагы окуялар боюнча үн катты