Примов, Сыдыгалиев, Исаева. ЖКнын вице-спикерлери шайланды

Төраганын орун басары кызматына төрт талапкер көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлери шайланды. Добуш берүү бюллетень менен жашыруун өттү.
Натыйжада төмөнкүлөр төраганын орун басары болуп шайланды:
"Ата-Журт" фракциясынан Жамиля Исаева;
Депутат Жамиля Исаева
"Ишеним" фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев;
Депутат Нурбек Сыдыгалиев
Алай шайлоо округунан шайланып, кийин "Ата-Журт" фракциясына кошулган Улан Примов.
Депутат Улан Примов
Ал эми бир мандаттуу округдардын элдик тобунан сунушталган Нурланбек Азыгалиев өтпөй калды.
Жаңы эрежеге ылайык, ЖК төрагасынын үч орун басары болмокчу.
“Бүтүн Кыргызстан” вице-спикерликке Бакыт Төрөбаевди сунуштап таң калтырды
Кыргызча же орусча болобу, так сүйлөйлү! Парламентте тил маселеси козголду