Вице-спикерлик кызматка төрт талапкер сунушталды. Тизме

Жаңы эрежеге ылайык үч вице-спикер шайланат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматына төрт талапкер сунушталды. Алардын экөө фракциялардан, калган экөө бир мандаттуу округдардан.
1.
"Ата-Журт" фракциясынан Жамиля Исаева;
2.
"Ишеним" фракциясынан Нурбек Сыдыгалиев;
3.
Бир мандаттуу округдардын элдик тобунан Чүй шайлоо округунан чыккан Нурланбек Азыгалиев;
4.
Алай шайлоо округунан шайланып, кийин "Ата-Журт" фракциясына кошулган Улан Примов.
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясы "Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин сунуштады эле ал баш тартты.
Ал эми "Ынтымак", "Альянс" жана "Ыйман нуру" фракциялары төраганын орун басарлыгына талапкер сунуштаган жок.
Буга чейин депутаттар ЖКнын үч вице-спикер кызматын негиздөө токтомун кабыл алышкан.
Беш манжаңызды оозуңузга салып отуруп какап каласыз. Икрамов Төрөбаевди сындады